Орусия Иранга чалгын жана кибер колдоо көрсөтүп жатканы кабарланды

АКШнын Boeing E-3 Sentry учагы 29-март күнү Prince Sultan Air Base базасына жасалган ирандык соккуда талкаланды.

Орусия Иранга жашыруун колдоо көрсөтүп, спутниктен алынган сүрөттөрдү бөлүшүп жана кибер операцияларга жардам берип жатканын Украинанын чалгын кызматынын документтерине таянып Reuters агенттиги жазды.

Маалыматта айтылгандай, март айынын соңунда орусиялык спутниктер Жакынкы Чыгыштагы 11 өлкөдө кеминде 24 жолу байкоо жүргүзүп, 46 объектти, анын ичинде АКШнын аскердик базаларын, аэропортторду жана мунай кендерин картага түшүргөн.

Документте бул байкоолордон кийин көп өтпөй Иран ракета жана дрон чабуулдарын күчөткөнү белгиленет.

Reuters агенттигинин Батыштагы аскердик булактары да бул маалыматты ырастап, Орусиянын спутниктик активдүүлүгү жана чалгын маалымат менен бөлүшүүсү күчөгөнүн белгилешкен.

Украинанын Чалгын кызматы Москва менен Тегеран ортосунда маалымат алмашуу үчүн “туруктуу байланыш каналы” бар экенин белгилейт.

Документте кибер тармактагы кызматташтык да күчөп жатканы айтылат. Орусиялык жана ирандык хакердик топтор аймактагы инфраструктурага каршы чабуулдарды координациялап жатышы мүмкүн экени жазылды.

Орусия Украинага 2022-февралында кеңири масштабдагы согуш ачканы эле Москва менен Тегерандын ортосунда аскердик байланыш күчөгөнү кабарланып келген. Бул кызматташтыкка дрондор жана чалгын маалыматтарын бөлүшүү боюнча келишимдер да кирет.

Ошол эле учурда Reuters бул маалыматтарды өз алдынча тастыктай албаганын билдирди.

АКШ өкүлү болсо тышкы колдоо Американын Ирандагы операцияларынын натыйжалуулугуна таасир эткен жок деп белгилеген.

Орусия жана Иран бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Кодекстерге өзгөртүү киргизүүнү чектөө сунушу депутаттардын сынына кабылдыТрамп 7-апрель Иран үчүн "акыркы мөөнөт" экенин айттыTimes Ирандын жаңы жогорку лидери "өлкөнү башкарууга жөндөмсүз" экенин жазды