Украинанын Никополь шаарында жүргүнчү автобуска урулган соккудан үч адам мүрт кетип, дагы 16 киши жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.
Днепропетровск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа маалымдагандай, 7-апрелде автобус аялдамага токтоп жаткан учурда дрон менен сокку урулган. Ал маалда автобустун ичинде жана айланасында адамдар болгон.
Ганжа чабуулду “жарандарга каршы жасалган атайын террор” деп мүнөздөдү.
7-апрелге караган түнү Днепропетровск облусуна ондон ашык чабуул жасалган. Дрон соккусунан бир турак жайда өрт тутанып, 11 жаштагы бала каза болуп, дагы беш адам жаракат алган.
Украин аба күчтөрү билдиргендей, Орусия түн ичинде өлкө аймагына жүздөн көп дрон менен чабуул койду.
Ошол эле учурда Орусиянын аймагында да чабуулдар катталды.
Владимир облусунда дрондор жарандык объектилерди бутага алып, үч адам, анын ичинде 2014-жылы төрөлгөн баланын өмүрү кыйылганын аймак жетекчиси Александр Авдеев билдирди. Беш жаштагы секелек ооруканага жеткирилген. Ал чабуулду украин армиясынан көрдү.
Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде 45 украин дрону атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Фронттогу абал курчуп жаткан шартта украин президенти Владимир Зеленский энергетикалык инфраструктурага сокку урбоо боюнча сунуш киргизди. Ал Орусия мындай чабуулдарды токтотсо Украина да жооп катары ошондой кадамга даяр экенин билдирди.
Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган. Азыр Орусия Украина аймагынын болжол менен 20% көзөмөлдөп турат. Донбасс аймагынын макамы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдө негизги талаш маселелердин бири бойдон калууда.