Быйыл Орусиянын жабык жайларында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Кыргызстандын 580 жаранын мекениндеги абактарга которуу үчүн кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу 7-апрелде парламенттин тармактык комитетинин жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиев билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстандын 1423 жараны чет өлкөдө жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын 1126сы Орусияда.
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2024-жылы 117 киши Кыргызстанга которулса, былтыр 232 кыргызстандык алып келинген. Орусия абактагы 13 жаранды өткөрүп берүүдөн баш тартса, мыйзамдагы чектөөлөргө байланыштуу Кыргызстан 160 кишини которуп алып келүүгө макул болгон эмес, 65 соттолуучу өздөрү баш тарткан. Мындан сырткары Казакстандын түрмөлөрүнөн төрт, Кытайдан бир жаран которулган.
Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, учурда Орусияда 330 миңден ашуун кыргызстандык мигрант бар. Орусиянын абактарындагы кыргыз жарандарынын маселеси парламентте бир нече жолу көтөрүлгөн.
“Азаттык” Орусиянын Украинадагы согушунда теги кыргызстандык 100дөй киши набыт болгонун аныктаган. Алардын айрымдары Кыргызстандын жараны, кээ бирлеринин колунда эки өлкөнүн тең паспорту болсо, кайсы бирлери кийин кыргыз жарандыгынан баш тарткан. Арасында киши өлтүрүү, маңзат ташуу деген сыяктуу оор кылмыштар менен кесилип, түрмөдө отурган жеринен согушка айдалгандар да бар. (КЕ)