Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:46

Алагөзов "Бакай банк" Ачык диалог фондун сотто утуп алганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Брюссел соту "Кыргызстандык банктын күмөндүү операцияларга тиешеси бар деген айыптоолор негизсиз" деп чечим чыгарганын президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 7-апрелде Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Анда “Бакай Банк” Польша-Бельгиянын “Ачык диалог фондуна” (Open Dialogue Foundation, ODF) каршы соттук териштирүүдө жеңишке жеткени айтылды.

"2023-жылы ODF өз сайтында макалаларды жарыялап, анда “Бакай Банкты” Орусиянын пайдасына санкция чараларын айланып өтүү схемаларына катышкан деп шек санап, ага карата санкция киргизүүнү сунуштаган. “Бакай Банк” жалган айыптоолору үчүн ODF уюмун сотко берип, сот банктын пайдасына чечим чыгарды. Брюсселдин француз тилдүү ишкердик соту Ачык диалог фонду жетиштүү конкреттүү далилдерди келтирбестен олуттуу жана максаттуу айыптоолорду койгон деген тыянакка келген", - деп белгиледи Алагөзов.

Президенттин маалымат катчысы Брюссел соту чечими менен ODF уюмун талаштуу макалаларды өчүрүүгө, сот чечиминин толук текстин өзүнүн сайтынын башкы бетине жайгаштырууга жана сот чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендиргенин да кошумчалады.

Аскат Алагөзов "Бакай банктын" эл аралык соттогу жеңиши менен катар АКШ жана Улуу Британия тарабынан санкция киргизилген кыргызстандык “Керемет Банк”, “Капитал Банк” боюнча берилген дооматтардын "конкреттүү далилдерди коомчулукка ачык жарыялана электигин" билдирди.

Президент Садыр Жапаров бул айыптоолорду бир нече жолу четке кагып, кыргызстандык банктарга карата санкциялар айрым өкмөттүк эмес уюмдар жана ак ниетсиз тараптар тараткан жалган маалыматтарга негизделгенин белгилеген. Мамлекет башчысы банктардын ишин толук жана калыс текшерүү үчүн Кыргызстан эл аралык көз карандысыз аудит өткөрүүгө даяр экенин билдирген.

Муну белгилеген маалымат катчысы: “Бакай Банк” боюнча сот чечими Кыргыз Республикасынын эл аралык укук нормаларын сактагандыгынын жана ата мекендик бизнестин кызыкчылыктарын чет элдик соттордо коргоого даяр экенинин айкын далили. Башка кыргыз банктарына каршы санкцияларды негиздеген конкреттүү далилдер жок болгондуктан мамлекеттин позициясы өзгөрүүсүз бойдон калат: Кыргызстан өзүнүн финансылык түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү толук ачык жана мыйзамдуу экенин тастыктоого ар дайым даяр", - деп жазды.

АКШ, Улуу Британия жана Жапония Орусия менен активдүү кызматташканы үчүн деген негизде санкция салган кыргызстандык компаниялардын ичинде "Керемет банк", "Капитал банк" жана "Толубай банк" бар. Улуттук банктын аларды "кара тизмеден" чыгаруу далалаты буга чейин ишке ашкан эмес.(ZKo)


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG