Орусия менен Кытай шейшембиде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин Жакынкы Чыгыштагы согуштан улам Ормуз кысыгында коммерциялык кемелерди коргоого багытталган резолюциясынын долбооруна каршы чыгышты.
Он бир мамлекет Бахрейн сунуштаган документтин долбооруна макулдугун билдирди. Кеңештин дагы эки мүчөсү - Пакистан жана Колумбия калыс калышты.
Долбоорго ылайык, жабыркаган мамлекеттерге деңиздеги коопсуздугун коргоо үчүн өздөрүнүн коргонуу чараларын координациялоо, Иранга Ормуз кысыгындагы соода кемелерине сокку урууну токтотуу сунушталган.
Резолюциянын долбоору добушка коюлганга чейин өзгөртүүлөргө дуушар болгон. Мурунку версиясында БУУнун VII Уставынын Коопсуздук Кеңешине санкциядан тартып, аскердик күч колдонууга чейин чара көрүүгө укук берген бөлүмү камтылган болчу.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өткөн жумада резолюцияны кабыл алуу сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратарын же Иранга каршы согушту легитимдештирерин билдирген.
Бахрейндин тышкы иштер министри Абдель Латыф Аз-Зайяни Коопсуздук Кеңешинде долбоорго добуш берүү алдында документ Ирандын кайталанып жаткан кастык жүрүм-турумуна олуттуу жооп болгонун, бул токтотулууга тийиш экенин билдирди. Министр Коопсуздук кеңешинин маанилүү суу жолун пайдалануу боюнча маселени чече албаганы - жалпы дүйнө үчүн олуттуу кесепеттерге алып келерин эскертти.
Дүйнөлүк мунай жана газдын бештен бир бөлүгү ташылган Ормуз кысыгы Иран АКШ менен Израилдин кол салуусуна жооп катары кемелерге сокку урарын билдиргенден кийин жабылган. Кысыктын бөгөттөлүшү жалпы дүйнөдө отундун баасы кескин өсүшүнө алып келди, айрым өлкөлөрдү, өзгөчө Азиядагы өлкөлөрдү мунай керектөөнү жана ташууну чектөөгө мажбур кылганын DPA жазды.
Израил менен АКШ Иранга каршы аскердик операциясын 28-февралда баштаган. Америка лидери Дональд Трамп согуштун башкы максаты - Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин айтууда. Иран алардын чабуулуна жооп кылып, Американын Перс булуңундагы аскер базаларына жана союздаштарынын инфратүзүмдөрүнө сокку урууда.