"Жетимиш бешчилер иши" боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы узарды

Эмилбек Узакбаев, Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов. (өйдөдөн ылдыйга карай) Коллаж.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 6-апрелде "Жетимиш бешчилердин иши" боюнча шектелип, кармалгандардын - У. Э., А. К, Т. Б., Д. К., А. К. жана Ж. Б. бөгөт чарасын карап, 10-июнга чейин камакта калтырды. Сот чечимине ылайык, алардын баары Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалат.

Бул тууралуу райондук соттун кеңсе кызматы кабарлады.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кайрылууда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган.

Кийин алардын беренеси “Бийликти күч менен басып алууга" өзгөртүлгөнү белгилүү болду.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийин курган маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президенттин жана атайын кызматтын төрагасынын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.(ZKo)

Дагы караңыз

АКШ менен Иран атышууну эки жумага токтотту, Ормузда кемелер өтө баштадыБишкекте алтынчы кабаттан кулаган наристе эсине келе элекПрезиденттин Баткендеги өкүлү автокырсыкта жабыркаган жоокерден кабар алдыКыргызстан менен Египеттин кызматтык паспорт ээлерине визасыз режим макулдашуусу ишке кирдиХерсондон чыгарылган наристелер Орусиядагы жетим балдар базасына жарыяланды