2022-жылы Украинанын Херсон облусундагы балдар үйүнөн күчтөп чыгарылган төрт балага Орусиянын мамлекеттик "усыновите.рф" порталы аркылуу "үй-бүлө" изделип жатканы "Настоящее Время" жана The Reckoning Project долбоорлорунун иликтөөсүндө аныкталды.
Бул балдардын анкеталары 2026-жылдын мартына чейин активдүү болуп турган. Порталда жарыяланган анкетада балдар Херсондон же украиндер экени ачык жазылган эмес. Балдардын жүзү жана жеке маалыматтары коопсуздук максатында жашырылган, бирок алардын тек-жайы тууралуу маалыматтар редакцияларда бар.
Орусия бийлиги Херсондогу балдар үйүнөн 2022-жылы сентябрда эки баланы, ошол эле жылы 21-октябрда 46 баланы күчтөп алып кеткен. "Настоящее времянын" булактары маалымдагандай, 10 бала Украинага кайтарылган, бирок көпчүлүгүн орусиялык үй-бүлөлөр асырап алышкан.
"Важные истории" долбоорунун журналисттери балдар үйүнөн күчтөп Орусияга чыгарылган кыз - Маргарита Проколенкону "Справедливая Россия" партиясынын лидери, депутат Сергей Миронов асырап алганын аныкташкан. The New York Times басылмасынын кабарчылары да 2024-жылы Херсон балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын анкеталарын орусиялык маалымат базасынан табышкан.
"Настоящее Время" аскер кылмыштарын документтештирген жана чагылдырган The Reckoning Project долбоору менен чогуу Херсон балдар үйүнүн тарбиялануучуларынын тагдыры: мекенине кайтарылган, Орусия алигүнчө кармап турган, орус жарандыгы берилген балдар жана Украинага балдарды кайтаруу системасынын иши тууралуу тасма тартып чыгарышты.
Украин бийликтеринин расмий маалыматтарына ылайык, 2022-жылдын 24-февралынан бери Украинанын аймагынан Орусияга 20 миң бала депортацияланган. Bring Kids Back UA уюмунун демилгеси менен Украинага 2 миңден ашык бала кайтарылган.
Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту 2023-жылы, 17-мартта орус президенти Владимир Путинди жана Мария Львова-Белованы украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып чыкканы үчүн кармоого ордер берген. Орусия балдарды согуш аймагынан куткарганын билдирип келет.
Быйыл мартта БУУнун комиссиясы Орусия тарабынан Украинанын оккупацияланган аймактарынан балдардын депортацияланышын, мыйзамсыз которулушун жана күч менен жоголушун адамзатка каршы кылмыш катары тааныган, балдарды Украинага кайтаруунун кечеңдетилишин согуш кылмышы катары тааныган.
Шерине