Соңку бир жылда өлкө боюнча 72 социалдык объект мамлекетке кайтарылганын баш прокурор Максат Асаналиев 8-апрелде парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Алардын ичинде бала бакча, билим берүү жана спорт, саламаттык сактоо тармагына тийиштүү имараттар, жер тилкелери бар. Мамлекетке кайтарылган мекемелердин жалпы суммасы 4 млрд 55 млн 41 миң сомду түзөт.
Асаналиев бул багытта иш жетиштүү жүрүп жатканын жана мындан ары дагы күчөтүлөрүн кошумчалады.
Буга чейин 10 жылдан ашуун убакытта 100дөн ашуун объект кайтарылса соңку бир жылда эле 100 объект кайтарылды. Бул багытта иштер күчөтүлө бермекчи", - деди баш прокурор.
Жогорку Кеңеш мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыңдоого байланыштуу баш прокурордун өткөн жылда жасаган иштери боюнча отчетун угуп жатат.
Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өлкөнүн бардык аймактарында мурунку убактарда сатылган мамлекеттик объектилер "мыйзамсыз менчиктештирилген" деген жүйө менен мамлекетке кайтарылганы тууралуу маалыматтарды улам-улам жарыялап келет.
Анын ичинде бала бакча, мектеп, мектеп-интернаттардын имараттары, жерлери да бар.
Агартуу министрлигинин маалыматында, 2025-жылы мурунку убактарда мыйзамсыз менчиктештирилген 40 бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылган. (КЕ)