Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:41

АКШ менен Иран эки жумалык ок атууну токтотууга макулдашканы жарыяланды

АКШ президенти Дональд Трамп жана Иран Пакистандын ортомчулугу менен эки жумага ок атууну токтотууну макулдашты.

Бул убакыт ичинде тараптар тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүшү керек.

7-апрелде эгер Иран келишимге келбесе, бүтүндөй цивилизация жок болорун жазган Трамп социалдык тармактарга Тегерандан 10 пунктан турган сунуштарды алганын жана “бул сүйлөшүүлөр үчүн кабыл алчу негиз” экенин билдирди.

Ирандын Сакчылар корпусуна жакын Тасним агенттиги эки тараптын ортосунда “конкреттүү шарттар” менен ок атышуу токтотулганын жазды.

АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран Ормуз кысыгын токтоосуз ачууга көнгөндөн кийин, Иран бомбалоону эки жумага токтотууга макул болгонун билдирди.

Өз кезегинде Иран ок атышууну токтотууга даяр экенин билдирип, бир катар шарттарды койду.

"Мен Иранды бомбалоолону жана чабуулдарды эки жумага токтотууга макулмун", - деп жазды Трамп социалдык тармактарда.

Трамп бир күн мурда эгер Иран жай турмушта дүйнөлүк мунайдын жана суюлтулган газдын болжол менен 20% өткөн Ормуз кысыгын ачпаса, Ирандын жарандык инфраструктурасын, анын ичинде көпүрөлөрдү жана электр станцияларын бомбалоо менен коркуткан. "Иран цивилизациясын жер менен жексен" кыларын айткан.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG