Баш прокурор Максат Асаналиев өзүнчө Тергөө комитетин түзүү боюнча пикирин билдирди. Ал Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, коомдо резонанс жараткан, оор, экономикалык жана кызматтык кылмыштарды Тергөө комитетине берүү туура болорун айтты.
Асаналиев учурда тергөө ички иштер, коопсуздук органдарында, Бажы жана Жаза аткаруу кызматтарында, Аскер прокуратурасында бар экенин, бирок азырынча бул багыттагы мыйзамдын долбоорун көрө электигин кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров укук коргоо органдарында жасала турган реформалар тууралуу 21-февралда “Кабар” улуттук агенттигине маек куруп, өзүнчө Тергөө комитети түзүлөрүн билдирген.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде чалгындоо, контрчалгындоо, конституциялык түзүлүштү коргоо, терроризм, экстремизм, бандитизм, баңгизаттарына каршы күрөш жана башка иштер каларын тактаган. Ушул багыттар боюнча иштерди тергөө атайын кызматтын өзүндө каларын айткан. Мамлекет башчы ИИМ дагы өздөрүнө түздөн-түз тиешелүү милдеттер менен гана иш алып барып, ал боюнча тергөө укугун сактап каларын белгилеген.
Жаңы Тергөө комитетин түзүүгө бейкүнөө кишилерге адилетсиз кылмыш иши козголуп калган учурлар себеп экенин, мындай жагдайга тергөөчүлөргө жогорудан берилген тапшырмалар түрткү болорун түшүндүргөн. Жапаров экономикалык иштер да ушундай шартта каралып, жалаа жабылгандар жок жерден жазага тартылбай турганын кошумчалаган.
Бул реформаны ишке ашыруу келерки жылдан башталарын, ал үчүн имарат, техникалык база түзүлүп, мыйзамдык жактан даярдык көрүлөрүн тактаган.
Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Ошондон кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, кызматтан алынган.
Кармалгандардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. Чет өлкөгө чыгып кеткен Камчыбек Ташиев да акыркы камоолор тууралуу үн ката элек. (КЕ)