Бишкектин четиндеги Байтик айылында айыл чарба багытындагы 10 гектар жер курулуш курууга ылайыкташтырылып, трансформацияланды.
Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы 31-мартта кол койгон.
Бир катар маалымат каражаттары сөз Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго таандык эки жер тилкеси тууралуу болуп жатканын жазышты.
Маалыматты Карганбек Самаковдун уулу, учурда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков "Азаттыкка" ырастады. Анын маалыматына караганда, атасына мурда тиешелүү болгон 10 гектар жердин 4,37 гектары №202 контурда, ал эми 5,63 гектары №411 контурда жайгашкан.
"Бул жер тилкелерин атам (Карганбек Самаков -ред.) 2022-жылы президент Садыр Жапаров менен сүйлөшүүдөн кийин, Мамлекеттик ипотекалык компаниясына өткөрүп берген", - деди Кубанычбек Самаков.
Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, бул тилкелер көп кабаттуу үй куруу максатында трансформацияланган. Анда Аламүдүн райондук администрациясына жердин трансформацияланышын документтештирүү, жер тилкелери максатына ылайык иштетилишин камсыздоо жана курулуш талаптарына-жоболоруна ылайыктап шаар куруу документтерин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Райондук бийлик ошондой эле жаан жана мөңгү сууларынын коопсуз агып кетишин, сейсмикалык чараларды, экологиялык жана санитардык талаптардын сакталышын жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо чараларын камсыз кылышы керек. Казуу жана курулуш иштерин жүргүзүү учурунда археологиялык көзөмөл жүргүзүү үчүн археолог тартууга милдеттендирилди.
Мындан тышкары, токтомдо айыл чарба өндүрүшүндө алынуучу кирешенин ордун толтуруу, жерди пайдаланбаган же туура эмес пайдаланган учурда баштапкы абалына келтирүү тапшырмасы берилген каралган.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго жана башка бир нече адамга 2015-жылы Чүй облусунун Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл аймактарындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо боюнча кылмыш иши козголгон.
2017-жылы Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Карганбек Самаковду 10 жылга эркинен ажыратууга өкүм чыгарып, 2018-жылы Бишкек шаардык соту өкүмдү күчүндө калтырган.
Жогорку сот 2021-жылдын декабрь айында мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген. 2022-жылы 13-январда Бишкек шаардык соту Карганбек Самаковду актап, мүлктөрүн камактан чыгарган.
Ошол эле жылы март айында экс-депутат Биримдик-Кут жаңы конушундагы 1,79 гектар жер тилкесин өз каалоосу менен Лебединовка айыл өкмөтүнө өткөрүп берген.(ZKo)
Шерине