Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

Прокуратура Биримдик-Кут конушундагы 1,79 гектар жер мамлекетке кайтарылганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокуратура Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Биримдик-Кут конушунда 1,79 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 1,79 гектар жер мектеп салуу үчүн пландалып, бирок үчүнчү тараптын жеке кызыкчылыгында, коммерциялык багытта иштетилип келген.

"Социалдык объектинин жерин мамлекетке кайтаруу максатында, райондук көзөмөл органы прокурордук акты келтирип, анын негизинде 58 млн. 175 миң сомдук 1,79 га жер тилкеси Лебединовка айыл өкмөтүнө кайтарылып, учурда муниципалдык мектеп куруу пландаштырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Ушул жылы январда Аламүдүн районунун Биримдик-Кут конушунун тургундары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышкан. Алар экс-депутат Карганбек Самаков мектеп салынат деген жерди өзүнө каратып алып, бербей келет деп айыпташкан.

13-мартта экс-депутат Карганбек Самаков Биримдик-Кут конушунун тургундарынын катышуусунда социалдык объекттер түшө турган жерлердин мамлекеттик актыларын Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысына өткөрүп берген. Ал жерди өз каалоосу менен берип жатканын айткан.

Бишкек шаардык соту 13-январда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковду актап, мүлктөрүн камактан чыгарды. Экс-депутат 2017-жылы Бишкектин жака белиндеги ондогон гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган деген айып менен 10 жылга кесилген.

Башы прокуратура Самаковго кылмыш ишин 2015-жылы козгогон. Анда башкы көзөмөлдөөчү орган Самаков Бишкектин жака белиндеги 262 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди турак жай категориясына өткөрүп, андан кийин майдалап сатып жибергенин билдирген.

Сот бул иш боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев менен анын иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди 10 жылга түрмөгө кесүүгө өкүм кылган.

Самаковдун тарапташтары анын күнөөсүз экенин билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG