Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Пакистанда бийликке каршы митингге миңдеген адам чыкты


Пакистандагы оппозиция лидерлери. 25-март, 2022-жыл.
Пакистандагы оппозиция лидерлери. 25-март, 2022-жыл.

28-марттын кечинде Пакистандагы оппозициячыл партиялардын миңдеген тарапташтары Исламабадда митингге чыгышты.

Ушул эле күнү парламенттеги оппозиция өкүлдөрү премьер-министр Имран Ханды өлкө экономикасын натыйжалуу тескей алган жок деген жүйө менен кызматтан кетүүсүн талап кылып, ишенбөөчүлүк жарыялоо сунушун көтөрүштү.

Парламенттин вице-спикери Касим Сури депутаттардын сунушу боюнча добуш берүү жума соңунда өтөрүн билдирди.

Хан оппозицияны парламенттеги өзүнүн «Техрик-и-Инсаф» партиясынын өкүлдөрүнүн добуштары менен жеңе аларын айтууда. Бул үчүн ага Улуттук ассамблеядагы 342 мыйзам чыгаруучунун 172cинин добушу жетиштүү.

Пакистан кезектеги экономикалык кризиске дуушар болуп, Эл аралык валюта корунан алты миллиард долларлык жардам күтүп жатат. Пакистандын крикет боюнча курама командасынын мурдагы капитаны, 69 жаштагы Хан бийликке 2018-жылы келген.

Оппозиция жана аналитиктердин айтымында, өкмөт башчы менен жогорку даражалуу аскердик жетекчилердин ортосунда пикир келишпестик жаралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG