Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

Стамбулда украин-орус делегацияларынын сүйлөшүүсү башталды


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган украин-орус делегациялары менен жолугушууда. 29-март, 2022-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган украин-орус делегациялары менен жолугушууда. 29-март, 2022-жыл.

29-мартта Стамбулда Украина менен Орусиянын делегацияларынын бетме-бет сүйлөшүүсү башталды.

Анын алдында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жолугушуудагы ыктымал прогресс Украина менен Орусиянын лидерлеринин сүйлөшүүсүнө жол ачарын билдирди.

Эрдоган сүйлөшүүдөн жыйынтык чыга турган убакыт келгенин кошумчалап, ок атышууну токтотууга чакырды. Түрк президенти буга чейин Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Украин лидери Владимир Зеленский билдиргендей, сүйлөшүүдө алар үчүн «өлкөнүн аймактык бүтүндүгү жана суверендүүлүгү» эң башкы приоритет бойдон калат.

Бул эки аптадан берки алгачкы көзмө-көз жолугушуу. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн эч майнап чыккан эмес.

29-мартта Британиянын аскердик чалгын кызматы маалымдагандай, украиндер чабулдарга туруштук берип жатканы менен орус армиясы Киев үчүн олуттуу коркунуч жаратууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG