Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Нурлан Шакиев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын төрагасы болуп шайланды

Нурлан Шакиев.
Нурлан Шакиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов билдирди.

Буга чейин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына сунушталган Бакыт Төрөбаев жетектеп келген.

Нурлан Шакиев бир мандаттуу Аксы округунан депутаттыкка шайланган. "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы 33 депутаттан турат. Анын 18и бир мандаттуу округдардан шайланып келген депутаттар.

​
XS
SM
MD
LG