Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

ЖК комитети Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына сунушталган Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин жактырды.

Депутаттар доллардын курсунун кайра түшүп жатканына байланыштуу азык-түлүк жана башка товарлардын көтөрүлгөн баасын кайра ордуна келтирүү үчүн көрүлчү чаралар тууралуу сурашты.

Бакыт Төрөбаев доллардын баасы түшкөндөн кийин кандай товар болбосун баасы өз ордуна келиши керек экенин белгилеп, көзөмөлгө ала турганын билдирди.

Төрөбаевдин айтуусунда Кыргызстан учурда Кытай, Өзбекстан мамлекеттери менен реэкспортко өзгөчө маани бериши керек. Андан тышкары Украинадагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстанга келип жаткан IT адистерине да шарт түзүлөрүн айтты.

Жогорку Кеңеш депутаты Жанарбек Акаев Орусиядан IT адистеринин көп келип жатканына байланыштуу 30 күндүн ичинде каттоого туруу мөөнөтүн узартууну сунуштады.

Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги эми Жогорку Кеңештин сессиясында каралып, колдоо тапса, президентке кол коюуга жөнөтүлөт.

Ушул кезге чейин Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт - Кыргызстан” фракциясынын төрагасы болуп турган Бакыт Төрөбаев 49 жашта. Ал “Ак жол”, “Республика” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын тизмеси менен дагы шайлоолорго катышып, жалпысынан Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон.

Бакыт Төрөбаев 2009-жылы өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG