Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Байден: АКШнын орус бийлигин алмаштыруу максаты жок


АКШнын президенти Жо Байден Варшавада сүйлөп жатат. 26-март, 2022-жыл.
АКШнын президенти Жо Байден Варшавада сүйлөп жатат. 26-март, 2022-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден "Путин бийликте калбашы керек" деп буга чейин айткан сөзүнө түшүндүрмө берди. Ал бул Американын расмий позициясы эместигин, болгону жеке кыжырдануусу экенин тактады.

“Мен бир да сөзүмдү артка кайтарбайм. Путиндин жосундарына жана анын кылгандарына кыжырдануумду билдирдим. Мен анда да, азыр да саясаттагы өзгөрүүлөр тууралуу сөз кылган жокмун. Өз сөзүм үчүн кечирим сурабайм”,-деди Байден.

26-мартта Байден Варшавада сүйлөгөн сөзүндө Путин бийликте кала албастыгын белгилеген. Мындан соң Ак үй президент Орусиядагы режимди алмаштыруу тууралуу эмес, Путиндин коңшу аймактарды басып алышы тууралуу айтканын билдирди. Американын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен дагы Американын расмий саясаты эч качан өзгөрбөстүгүн жана Вашингтондун Орусияда же башка бир мамлекетте режимди алмаштыруу максаты жок экенин баса белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG