Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

ИИМ чет өлкөдөгү жумуш тууралуу жалган маалыматтар жөнүндө эскертти


Лондон. Иллюстрациялык сүрөт.
Лондон. Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) учурда социалдык тармактарда кыргызстандыктарды Британияда, Европа жана Азия өлкөлөрүндө жумушка орноштурууну убада кылган жалган маалыматтар тарап жатканын эскертти. Алдамчылыкка жол бербөө жана мыйзамсыз миграциянын алдын алуу үчүн жарандарды шектүү жагдайлар, учурлар тууралуу милицияга кабарлап турууга чакырды.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргызстандыктар сезондук айыл чарба иштерине мигранттарды тарткан британдык программага катыша аларын билдирген. Макулдашууга Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен AGRI HR компаниясы кол койгон..

Программага ылайык, жарандар эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин өз мекенине кайтып келүүгө милдеттүү.

2019-жылдан тартып Улуу Британияда алкагында айыл чарба иштерине чет элдик жарандарды тартуу үчүн квоталар бөлүү каралган өкмөттүк программа ишке ашырылып келет. Ага ылайык, жыл сайын бир катар өлкөлөрдүн жарандары убактылуу ишке тартылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG