Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

Казакстанда "дядя Вованы жардамга чакырган" алып баруучуга кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Алматынын полиция департаменти "Европа плюс" радиосунун мурдагы алып баруучусу Любовь Панованын сөздөрү боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү башталганын кабарлады.

Панова социалдык тармактарда орус агрессиясына каршыларга одоно жооп берип, "жардамга" кайсы бир «Вова байкени" чакырарын жазган.

Казакстандык колдонуучулар анын сөздөрүн Орусиянын лидери Владимир Путинге кайрылуу катары кабыл алышкан.

"Европа плюс" радиосу алып баруучунун социалдык тармактагы позициясынын радионун саясатына тиешеси жок экенин билдирип, аны менен "эмгек келишим аяктаганын" жазды.

Алматынын полициясы департаментинин жетекчи орун басары Рустам Абдрахманов 28-мартта «Фейсбукка» жазгандай, Панованын сөздөрүнө байланыштуу "улуттук кастыкты козуткан" деген берененин негизинде сотко чейинки териштирүү башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Ошол эле маалда Казакстандын Башкы прокуратурасы улуттук кастыкты козуткандар, чет мамлекеттеги аскердик аракеттерге катышууга чакыргандар, мындай жаңжалдарга катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG