Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:09

Сириядагы кыргызстандык кыз-келиндердин туугандары бийликтен жардам сурашты


Маалымат жыйынынын катышуучулары кыз-келиндерин Сириядан алып келүүгө жардам сурашты. 2022-жылдын 29-марты.
Маалымат жыйынынын катышуучулары кыз-келиндерин Сириядан алып келүүгө жардам сурашты. 2022-жылдын 29-марты.

Кыз-келиндери Сирияга кеткен бойдон кайта албай жаткан кыргызстандыктардын өкүлдөрү бүгүн 29-мартта Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, өлкө жетекчилигинен жардам сурашты.

Алар кыз-келиндерин жана алардын балдарын мекенге кайтарууга жардам сурап, президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловго кайрылуу жолдошту. Маалымат жыйынында чыгып сүйлөгөндөр Сириядагы жакындары адам чыдагыс шартта күн кечирип жатканын айтышты.

УКМКнын 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Кыргызстан 2021-жылдын март айында «Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен 3-18 жаштагы 79 баласын алып келген.

Эл аралык Булан институтунун 2021-жылдагы маалыматына караганда, Сирияда 70 миң аял жана бала чөлдө чатырларда, аскерлердин кайтаруусунда жашап жатат, алардын 43 миңи балдар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG