Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Өтмөк ашуусу убактылуу жабылат


Өтмөк ашуусу.
Өтмөк ашуусу.

Өтмөк ашуусу көчкүлөрдү атып түшүрүү ишине байланыштуу 30-мартта толук жабылат. 29-марттан баштап оор жүк ташуучу унааларга чектөө коюлганын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Талас облусундагы бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда жеңил унаалар өтүп жатат. 30-мартта көчкүлөрдү атып түшүрүү иштерине байланыштуу ашуу толук жабылат. Чектөөнүн мөөнөтү азырынча белгисиз.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-марттан 2-апрелге чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин билдирип, унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырууда. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG