Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Акыйкатчы абактагы наристелер үчүн тийиштүү шарт түзүлбөгөнүн билдирди


Аялдар абагы. Степное айылы. 2022-жылдын 28-марты.
Аялдар абагы. Степное айылы. 2022-жылдын 28-марты.

Абакта апасынын жанында жашап жаткан наристе балдар үчүн тийиштүү шарт түзүлбөгөнүн 28-мартта аялдар колониясына барып келген акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди.

Омбудсмендин кеңсеси маалымдагандай, балдарга памперс жана манеж да жетишпейт.

Акыйкатчы Абдрахматова абактагы шарт менен таанышып, аялдардын арыз-пикирлерин укту жана акысыз жардам берүүчү адвокаттардын ишмердүүлүгү менен аялдар көтөргөн маселелер боюнча жакын арада мониторинг жүргүзүлөрүн айтты.

Кыргызстан боюнча аялдардын жалгыз абагы Чүйдүн Степное айылында жайгашкан. Ал жерде 350дөй аял камакта отурат, алардын тогузунун үч жашка чейинки наристеси жанында. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG