Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:05

Анкара: түрк тилдүү мамлекеттердин энергетика боюнча маселелери талкууланууда


Шамал станциясы.
Шамал станциясы.

28-мартта Түркиянын баш калаасы Анкарада уюштурулган Эл аралык конгрессте элчи Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын энергетика жаатында потенциалын жана энергиянын жаңы булактары боюнча билдирүү жасады.

"Энергетика - өлкөлөрдүн экономикалык коопсуздугунун ажырагыс бир бөлүгү. Ошондой эле жарандарыбыздын жашоо сапатын жана бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү маселе. Андыктан бул конгрессте кызматташууну жакшыртуу боюнча айтыла турган билдирүүлөр өтө маанилүү. Кыргызстан чоң энергетикалык потенциалга ээ. Бул мүмкүнчүлүктү өнүктүрүү - өлкөнүн негизги максаттарынын бири".

Кыргызстандын шамал энергиясына да бай өлкө экенин баса белгилеген Өмүралиев бул энергияны колдонуу боюнча долбоорлор жана изилдөөлөр жүрүп жатканын айтты.

30-мартка чейин улана турган иш-чарага коңшу Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркмөнстан баш болгон 20 өлкөдөн изилдөөчүлөр жана аткаминерлер катышууда.

Конгресстин катышуучулары күндүн нуру, шамал, гидроэнергетика жана биоэнергия боюнча өз ара кызматташттыкты талкуулашууда.

Ал эми Энергетика министрлигинин эсептөөлөрү боюнча шамал станцияларынан - 44,6 млн. кВт/с, күн станцияларынан - 490 млн. кВт/с, биомассадан 1,3 млрд. кВт/с энергия алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок адистердин айтымында, Кыргызстанда альтернативдүү энергия булактарын иш жүзүндө колдонуу жалпы өндүрүлгөн энергетиканын 1%ына жетпейт.

Энергиянын кайра жаралуу булактары ассоциациясы 2020-жылдын декабрь айында шамалдан энергия өндүрүүчү жабдыктарды алып келген. Мыйзам чийки болгондуктан Салык кызматы аларды жабдыктаран кошумча нарк салыгын төлөтүп алган. Кийин бийликке кайра-кайра түшүндүрүүнүн жыйынтыгында, өзүнүн керектөөсүнө колдонуу үчүн алып келгендерди кошумча нарк салыгынан бошотууга жетишкен.

Кыргызстандагы энергетика тармагынын көйгөйүн быйылкы таңсыктык ого бетер тереңдетти. Расмий маалыматка караганда, азыркы тапта электр кубатынын тартыштыгы алты миллиард киловатт саат болууда.

Кыргызстанда жети ири гидроэлектр станциясы иштейт: Токтогул, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2, Ат-Башы. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 83% ашыгын өндүрөт. ГЭС жабдууларынын 80% эскилиги жеткен.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризиске туш болду. (ElB)

XS
SM
MD
LG