Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

USAID Кыргызстанга коронавирусту ыкчам аныктай турган атайын жабдыктарды тапшырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттардын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине коронавирусту жана кургак учукту ыкчам аныктай турган атайын жабдыктарды тапшырды.

Агенттиктин маалыматына караганда, GeneXpert диагностикалык системасы 40 мүнөт ичинде коронавирус инфекциясын так изилдөөгө мүмкүндүк берет. Мурдагыдай 4-5 саат күтүү зарылчылыгы жок.

Мындан тышкары, GeneXpert менен кургак учукту аныктоо боюнча тест жүргүзсө да болот.

Тапшырылган жабдыктардын жалпы баасы болжол менен 6 миллион сомду түздү. Жардам USAIDдин “Саламаттыкты сактоо системасынын туруктуулугун бекемдөө” долбоорунун алкагында өткөрүлүп берилди.

Адистердин эсебинде, Кыргызстан кургак учук боюнча кооптуу зона, жылына бул оору жети миңдей адамдан аныкталат. Акыркы жылдарда балдар арасында бул кооптуу дартты жугузуп алгандар арбыды.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы үч миңдей адамдын өмүрүн алды.

Жакында Коронавируска каршы республикалык штаб АКШ менен Европада бул вирустун "дельта" жана "омикрондун" мутациясын айкалыштырган түрү (гибрид) аныкталганын билдирген. Кыргыз өкмөтү бул илдетке маани бербей же унутта калтырууга болбой турганын эскерткен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG