Сүйлөшүүлөрдү ак ниеттүүлүктө улантуу аракети
АКШ менен Иран атышууну токтото туруу келишимине жетишкени жарыя болгондон бир нече саат өткөндөн кийин мунаса чындап иштей баштаганы байкалды. Согуш тутанганы кыймыл дээрлик токтоп калган Ормуз кысыгынан кемелер өтө баштады жана бир айдан ашык убакыттан бери алгачкы жолу катуу бомбалоо токтоду.
8-апрелде дүйнөлүк лидерлер, ошондой эле каржы жана энергетика рыноктору Израил менен Ирандын абадан сокку уруулары тууралуу кабарлар уланып жатканына карабастан дипломатиялык чечимге жана согушту токтотууга алып келет деп үмүттөндүргөн кадамдарды кубатташты.
Кошмо Штаттардын вице-президенти Жей Ди Вэнс 8-апрелде Будапешттеги иш-чарада сүйлөп жатып:
"АКШнын президенти мага, бүтүндөй сүйлөшүү тобуна, мамлекеттик катчыга жана атайын чабарман Стив Уиткоффко "Келишимге жетүү үчүн ак ниет ишиңерди жүргүзгүлө" деп айтты. Ал прогресске жетишүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатат. Ал бизге сүйлөшүүлөрдү ак ниетиңер менен жүргүзгүлө деди. Сүйлөшүүлөр ак ниет менен жүргүзүлсө биз келишимге жетишебиз деп ойлойм. Бирок бул чоң суроо жана акыр аягы бардыгы ирандыктардан, алар сүйлөшүүлөрдү кантип жүргүзөрүнөн көз каранды. Мен алар туура чечим кабыл алат деп үмүттөнөм", - деди.
АКШ менен Иран эки апта бою атышпай турууну макулдашканы 8-апрелдин таңында жарыялашкан.
"Мен Иранга каршы бомбалоону жана чабуул коюуну эки жумага токтоттум", - деп жазды АКШ президенти Дональд Трамп социалдык тармакка.
Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча улук кеңеши 10 пункттан турган шарттарына АКШ макул болгонун билдирип, аларды "сүйлөшүүлөрдүн негизи" деп атады.
Трамптын айтымында, эки жума толук макулдашуу үчүн керек.
Иран АКШ менен сүйлөшүүгө катышарын ырастады
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Пакистандын өкмөт башчысы Шахбаз Шарифке өлкөнүн өкүлдөрү АКШ менен сүйлөшүүлөргө катышарын бышыктады. Жолугушуу 10-апрелде Исламабадда өтөрү пландалууда.
Шарифтин кеңсеси тараткан билдирүүдө айтылгандай, эки лидер шаршембиде 45 мүнөткө созулган “жылуу жана жагымдуу сүйлөшүү” жүргүздү.
"Президент Пезешкиан Иран сүйлөшүүлөргө катышарын ырастады жана Пакистандын аракеттерине ыраазычылыгын айтты”, - деп жазды Шариф Х социалдык тармагындагы постунда.
Мунун алдында Пакистандын премьер-министри АКШ жана Иран делегацияларын 10-апрелде башкалаага келип, “ортодогу талаштарды биротоло жөнгө салуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүүгө” чакырган.
Ирандын жарым-жартылай мамлекеттик ISNA кабар агенттиги тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү делегацияны парламенттин спикери Мохаммед Бакер Калибаф жетектеп барарын жазды.
Ал эми АКШ тараптан Исламабадга вице-президент Жей Ди Вэнс барары күтүлүүдө.
Бирок азырынча бул маалыматтарды Вашингтон жана Тегеран расмий тастыктай элек.
Ормуз кысыгынан кемелер өтө баштады
АКШ менен Иран макулдашкан ок атууну токтотуу режими сакталганы, Ормуз кысыгынан кемелер өтө баштаганы кабарланууда. Тегеран мунай менен газдын 20 пайызы ташылган каналды тынчтык сүйлөшүүлөрү жүргөн эки жумага ачууга көнгөн.
Marine Traffic мониторинг кызматынын маалыматына караганда, 8-апрелде түшкө чейин кысыктан эки кеме өттү.
“Стратегиялык маанилүү маршрутту убактылуу ачуу шарты каралган тыныгуу жарыялангандан кийин Ормуз кысыгында кыймылдын белгилери байкала баштады”, - деп айтылды мониторинг кызматынын Х социалдык тармагындагы постунда.
Каналдан грециялык жүк ташыган унаа (балкер) жана Либериянын желеги астындагы кеме өткөнү маалымдалды.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи соккулар токтосо Тегеран Ормуз кысыгында кемелер каттамын калыбына келтирүүгө макул экенин жарыялаган.
Министр каттам "Ирандын Куралдуу күчтөрү менен координацияда жана техникалык чектөөлөрдү эске алуу менен" ишке ашарын белгиледи.
Ормуз кысыгы АКШ менен Израил Иранга каршы чабуул баштаган 28-февралдан кийин дээрлик дароо бөгөттөлгөн.
Натыйжада мунай жана газ тарткан танкерлер өтө албай глобалдык энергетикалык кризис жаралган жана кара майдын баасы кескин өсүп кеткен.
Ислам жумурияты бул маанилүү маршрутту көзөмөлгө алууну каалаганын жашырбайт. Айрым эксперттер Тегеран ары-бери каттаган кемелерден акы алууну, экономикалык пайда табууну көздөгөнүн айтышат.
Катуу эскертүүлөрдөн кийинки чечим
АКШ президенти Трамп эгер Тегеран тынч мезгилде дүйнөлүк мунайдын жана газдын 20% өтүп турган Ормуз кысыгын ачуудан баш тартса Ирандын жарандык инфраструктурасын, электр станцияларын, көпүрөлөрдү баш кылып, "бүтүндөй цивилизациясын" жер менен жексен кыларын айтып коркуткан.
Бул талаптын мөөнөтү Гринвич убактысы боюнча 8-апрелде саат 01:00дө аяктады. Трамп "атышууну токтоторун" бул мөөнөткө бир сааттан ашык убакыт калганда жазды.
Акыркы сааттарда Пакистан Иран менен АКШ ортосунда ортомчу катары чыгып, тараптарга тынчтык сунушун өткөрүп бергенин ачык билдирди. Ал сунушта Вашингтондон бомбалоону эки жумага токтотуу, ал эми Тегерандан Ормуз кысыгын ачуу талабы камтылган.
Трамп постунда Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф жана фельдмаршал Асим Мунир менен сүйлөшкөнүн айтып, алар андан "бүгүн кечинде Иранга багытталган кыйратуучу күчтү тизгиндеп турууну" суранышканын белгиледи.
"АКШ менен Ирандын ортосундагы мурдагы талаштуу маселелердин дээрлик баары макулдашылды, бирок эки жумалык мөөнөт келишимди акыркы формага келтирип, аны ишке ашырууга мүмкүндүк берет", - деди Трамп.
Трамптын билдирүүсүнөн болжол менен бир саат өткөндөн кийин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи жана Улуттук коопсуздук боюнча улук кеңеш Тегеран эки жумалык мөөнөткө жана Ормуз кысыгы аркылуу кемелер каттамын калыбына келтирүүгө макул экенин жарыялашты.
Арагчи кеме каттамы "Ирандын Куралдуу күчтөрү менен координацияда жана техникалык чектөөлөрдү эске алуу менен" ишке ашарын белгиледи.
Ирандын мамлекеттик телеканалы Трамптын билдирүүсү тууралуу дароо төмөнкүчө кабарлады:
"Трамп согушту токтотуу үчүн Ирандын шарттарын кабыл алып, атышууну эки жумага токтотуу жарыяланды".
Иран телеканалы АКШ президентинин билдирүүсүн "анти-ирандык риторикадан уяттуу артка чегинүү" деп мүнөздөдү.
Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф болсо атышуу "ТОКТООСУЗ" күчүнө киргенин жарыялады. Анын айтымында, тараптар Трамптын талабы ишке ашарына 10 мүнөт калганда макулдашты.
Израилдин өкмөтү өз позициясын АКШ менен Ирандан кийин жарыялады. Ага чейин Израил атышууну токтотууга макул болгону Ак үйдүн билдирүүсүндө гана айтылып жаткан.
Билдирүүдө премьер-министр Биньямин Нетаньяху Израил Трамптын соккуларды токтото туруу чечимин Иран "кысыктарды ачканда", АКШ, Израил жана чөлкөмдөгү өлкөлөргө чабуулду токтоткондо гана колдой турганы айтылган.
Билдирүүдө "Атышууну эки жумага токтотуу келишиминин Ливанга тиешеси болбой турганы" белгиленген.
Убактылуу тыныгуу тууралуу кабар тарагандан кийин Тегерандын тургундары көчөгө агылып, лидерлерин даңазалаган ураандарды чакырып жатышты.
Рейтер агенттиги жазганына караганда, алты жумадан бери уланган согуш он чакты өлкөдө 5 миңдей кишинин өмүрүн кыйды. Ислам жумуриятынын өкмөтүнүн жана укук коргоочу топтордун эсебинде, Иранда 1600 карапайым киши казат апты.
Дүйнө лидерлери макулдашууну кубаттоодо
Франциянын президенти Эммануэл Макрон Иран менен АКШ ортосундагы ок атышууну токтотуу макулдашуусун кубаттап, ошол эле маалда Ливандагы оор кырдаалга көңүл бурду жана келишимге ал өлкөнү да камтуу зарылдыгын белгиледи.
Буга чейин Израил "ок атышууну эки жумага токтотуу Ливанга жайылбай" турганын белгилеген.
Макрон тыныгуунун шарттары бүтүндөй региондо сакталат деп үмүттөнөрүн, стабилдүүлүккө сүйлөшүүлөр аркылуу гана жетсе болорун кошумчалады.
Француз лидери Ирандын Ормуз кысыгын ачууга даярдыгын кубаттады жана Париж кемелердин каттамын калыбына келтирүү үчүн 15 өнөктөш өлкө менен иш алып барганын айтты.
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес ок атууну 15 күнгө токтотуу жарыясын колдоо менен катар урушту баштагандарды сындады.
“Испаниянын өкмөтү дүйнөгө өрт койгондорго алар чака менен суу алып келгени үчүн кол чаппайт”, - деп жазды Санчес Х социалдык тармагына.
Премьер ок атпоо жакшы жаңылык экенин, бирок согуш алып келген “башаламандыкты, кыйроолорду жана адам жоготууларын унутпоо зарылдыгына” басым жасады.
Еврошаркеттин лидерлери да согуштагы тыныгууну, “деэскалацияга карай кадамды” кубатташты.
Өз кезегинде Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Пакистан жана башка өлкөлөрдүн арачылык аракеттерин колдоп, Бээжин да тынчтык орнотууга өз салымын кошконун жана ал ишти улантарын билдирди.
Шерине