Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:47

Трамп Иран менен келишим жетишилбесе "бүтүндөй цивилизация жок болорун" эскертти

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп. 6-апрель, 2026-жыл. Вашингтон.
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп. 6-апрель, 2026-жыл. Вашингтон.

АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен келишим жетишилбесе олуттуу кесепеттер болорун билдирип, кескин эскертүү жасады.

“Бүгүн түнү бүтүндөй бир цивилизация жок болушу мүмкүн, кайра эч качан калыбына келбейт. Мен муну каалабайм, бирок ошондой болушу ыктымал”, — деп жазды ал 7-апрелде өзүнүн Truth Social социалдык тармагына.

Бул билдирүү АКШ менен Израил Ирандагы бир нече объектке, анын ичинде инфраструктурага жана стратегиялык мааниге ээ Харг аралына сокку ургандан бир нече саат өткөн соң жасалды.

Иран бийлиги мындай сөздөрдү “согуш кылмыштарына барабар коркутуулар” деп баалады, бирок айрым эл аралык укук адистери бул пикирге макул эмес.

Ирандык маалымат каражаттары 7-апрелде Тегерандын ар кайсы жеринде жарылуу болгонун жана абадан коргонуу системалары иштегенин кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, соккулар Ирандын Харк аралына да урулган. Өлкөнүн мунай экспортунун болжол менен 90% дал ушул арал аркылуу ташылат. Ошондой эле Тебриз–Зенжан жолундагы ири көпүрөлөргө жана ыйык Кум шаарынын жанындагы дагы бир көпүрөгө сокку жасалганы кабарланды.

CNN, Reuters жана Fox News баш болгон бир нече маалымат каражаты АКШнын расмий өкүлдөрүнө таянып, Харк аралындагы соккулар тууралуу маалыматты ырасташты.

Трамптын социалдык тармактагы билдирүүсүнө чейин эле Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу билдирүү жасап, эгер АКШ “кызыл сызыктан” өтсө, аймактагы Американын жана анын союздаштарынын инфраструктурасын бутага аларын эскерткен.

6-апрелде Ак үйдөгү басма сөз жыйынында Дональд Трамп стратегиялык мааниге ээ Ормуз кысыгы толук ачылбаса Иранга "көргүлүктү көрсөтөрүн" дагы бир ирет эскерткен.

Дүйшөмбү күнү Тегеран Вашингтондун Пакистан ортомчулугу аркылуу берилген сунушун четке какты. Иран согушту толук жана таптакыр токтотууну гана колдой турганын белгиледи.

Жооп катары, IRNA агенттиги кабарлагандай, Иран 10 пункттан турган өз шарттарын сунуштады. Алардын ичинде аймактагы согуш аракеттерин толук токтотуу, Ормуз кысыгы аркылуу коопсуз кеме жүрүүсүн камсыз кылуу боюнча протоколдорду киргизүү, бардык санкцияларды толук алып салуу жана согуштан кийинки калыбына келтирүү чаралары бар.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG