Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев баштаган топ "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде эскерсе, Апрель окуясынын катышуучулары жана анда жакынын жоготкондор, айрым саясатчылар баштаган экинчи топ эскерүү иш-чарасын Бишкектин борбордук аянтынан баштады. Айрымдар жылдагыга салыштырмалуу бул иш-чара салкын мамиле сымал белгиленгенине көңүл буруп, нааразылыгын айтышты.
Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Апрель революциясында курман болгондорду эскерүү эртең менен эле башталды. Бул жылы бийлик эскерүү иш-чарасын расмий уюштурган жок.
Революциянын курмандыктары эскерилип, мемориалга гүл коюлуп, маркумдарга багышталып куран окулду.
Эскерүү иш-чарасына мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка расмий адамдар катышканын президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.
Бул датага байланыштуу өлкө башчысынын же Жогорку Кеңештин төрагасынын кайрылуусу же эскерүүсү чыккан жок.
Дээрлик бир күндө токсонго жакын адамдын өмүрүн алган 16 жыл мурунку ыңкылапта жакындарын жоготкондор, окуяга катышып майып болгон адамдар ыза менен эскерип келишет. Алар бийлик алмаштыруу эле эмес, үй-бүлөлүк кланга, адилетсиз башкарууга, өлкөдөгү кымбатчылыкка каршы аракет көрүп, аянтка чыкканын айтып жүрүшөт.
Апрель ыңкылабынан кийин Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын алган Алиясбек Алымкулов бул күндү эскерүүнү бийлик колго алышы керек деп эсептейт.
“Бизди жаман көрүп жатышат. Биз өз абийирибиздин алдында тазабыз. Азыр да Садыр Нургожоевичтин жанында жүргөндөр мурда Бакиевди, Атамбаевди, Жээнбековду колдоп жүргөндөр. Ошолордон коркуш керек, бизден эмес. Бул окуялардан азыркы бийлик, келерки бийлик болобу, баары сабак албаса, анда бул көрүнүш кайра кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт”.
Апрель окуясы ошол ыңкылаптан кийин бийликке келген мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жыл сайын белгиленип, бул күн календарга майрам катары киргизилген эле. Бирок соңку жылдары бул дата "кызыл күндөрдүн" катарынан чыгарылган.
Азыркы бийликтин тушунда да бул күн расмий эскерилип, жогорку даражадагы жетекчилердин катышуусунда өткөн жылдар болгон.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков бийлик бул күндү расмий белгилебесе деле Бакиевдин бийлигинин кулашы жана октон курман болгон жарандардын окуясы тарыхта жазылып калганын айтты:
“7-апрелдин макамы жылдан жылга түшүп бара жатканын мен эмес, баарыбыз көрүп турабыз. Мамлекеттик деңгээлде мамиле жакшы болбогону бүгүнкү иш-чарадан эле көрүнүп турат. Буга чейин мамлекет башчы же өкмөт башчы, же Жогорку Кеңештин төрагасы келип, ушул балдарга багыштап куран окуп турган болсо, бүгүн эртең менен мамлекеттик катчы жана айрым жетекчилер келип кеткен иш-чара буга далил. Бул күндү кандайдыр бир жек көрүү болбошу керек. Каалайбызбы, каалабайбызбы — бул тарых”.
Ыңкылап курмандыктарын эскерүү иш-чарасы 6-апрелде Таласта, бүгүн Нарында да өтүп, аларга облус жетекчилери катышты.
Буга чейин Апрель окуясынын катышуучулары жана анда жакындарын жоготкон адамдар президент Садыр Жапаровго кайрылып, 7-апрелди чогуу белгилөөнү сунуштаганын, бирок кайрылуу жоопсуз калганын "Апрель элдик революциясынын уюмдарынын ассоциациясынын" төрайымы Нурия Айдабосунова айтты. Ал бийликтин мамилесине карап башка органдар да ошого жараша өзгөргөнүнө капа экенин белгиледи:
“Бул окуя жыл өткөн сайын унутулуп бара жатканы көрүнүп эле турат. Бийлик кандай мамиле кылса, калган органдардын мамилеси да ошого жараша болот экен. Бүгүн эстеликтин жанына унаа токтотуучу жай деп унаа алып келип коюшту. Элдин пикирин угуп туруш керек. Айрым катачылыктар кетип жатат. Бийлик элге кызмат кылуу үчүн келет. Мурда жыл сайын борбордук аянттагы эстеликке келип, гүл коюп, сүйлөшүп отуруп кетчү элек. Биздин көз карашыбыз мурдагыдай эле. Эч качан кечирели деген ниетибиз жок”.
Ал эми журналист Төлөгөн Сулайманов Апрель ыңкылабынан кийин келген бийликтин айрым каталарынан улам аянтка чыккандардын үмүтү толук аткарылбаганын, бирок окуядан сабак алуу үчүн эскерилиши керек экенин айтууда:
“Бизде улам-улам бийлик алмашкан сайын ал күндүн маанисин жоготуп баратабыз. Мисалы, 7-апрель, 24-март — авторитардык режимге каршы турган күндөр. Кийинки келген бийлик кайра эле ошол көрүнүштү кайталап жатканы бизге коңгуроо болушу керек. Коомчулукта бир суроо бар: Эмне үчүн бийлик алмашат? Эмне үчүн кайра ошол системага кирип кетет? Бул адилеттүү суроого реалдуу баа бере албай жатабыз. Тарыхый күндүн маанисин жоготуп жатканыбыздын бир себеби ушул. Бул күндөрдү тарых барактарына киргизишибиз керек. Бул жалпы элдик көтөрүлүш. Бул маселени коомго жайылтып, жогорку окуу жайлардын студенттерине тааныштыруу зарыл. 2010-жылы туулган балдар быйыл 16га чыкты, бирок алар бул күндүн маанисин билбейт”.
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев президенттик бийликке 2005-жылкы 24-март ыңкылабынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги 90го жакын адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодо бийликтен кулатылган жана үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.
“Апрель окуясы” боюнча соттук жараяндын жыйынтыгында мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 адамга айып коюлган. Курманбек Бакиевди 30 жылга, бир тууган иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүрүнүн акырына чейин, ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөновду 15 жылга кесүү боюнча сыртынан өкүм чыккан. Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон, кичүү уулу Максим Бакиевге бир катар иштердин алкагында сыртынан өмүр бою камоо чечими чыккан.
Бакиев жана анын үй-бүлөсү Беларустун башында турган Александр Лукашенконун жеке калкалоосунда экени айтылып келет. Кыргызстандын аларды экстрадициялоо өтүнүчүн расмий Минск четке каккан.
Соңку жылдары Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү маселеси боюнча талкуу утур-утур жүрүп келет.
Бакиевдин иши боюнча соттун өкүмүн кайра кароо үчүн Жогорку Сотко арыз берилерин былтыр 28-ноябрда "Азаттыкка" анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирген. Ал качан кайрыларын тактаган эмес.
Былтыр апрель айында Кыргызстандын Конституциялык соту Айткуловдун Бакиевдин ишин анын өзүнүн катышуусу менен кайра кароо ыктымалдыгы тууралуу өтүнүчүн канааттандырган. Анда сот кылмыш иши үчүн сыртынан соттолгон адам өз каалоосу менен же күч органдарынын аракетинин натыйжасында Кыргызстандын аймагына келгенден кийин соттук иши өзүнүн катышуусунда кайра каралышына реалдуу мүмкүнчүлүк алууга тийиш экени жазылган.
Конституциялык соттун бул чечиминен кийин Бакиев Кыргызстанга келет деген сөздөр пайда болгон.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы президент келсе камаларын 12-апрелде Фейсбуктагы баракчасына жазган.
Беларус Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бербей турганын бул өлкөнүн авторитардык лидери Александр Лукашенко былтыр 27-ноябрда Бишкекте Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитинен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айткан. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Лукашенконун бул жолку Бишкек сапарындагы сүйлөшүүлөрдө Бакиев маселеси тууралуу сөз болбогонун билдирген.
Былтыр 11-мартта "Кабар" агенттигине курган маегинде мамлекет башчы Садыр Жапаров Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген.
"Ал эми Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. "Эгер камабасаңар өткөрүп берели" деп жатышат", - деген ал.
4-июнда Жапаров "Кабарга" маегинде журналисттин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баласы Кадырбек Атамбаевдин Кой-Таш окуясына байланыштуу сот чечими "Бакиевди Кыргызстанга алып келүү үчүн соодалашууга пайдаланылат" деп айтканы тууралуу суроосуна жооп берип жатып:
"Бакиевди алып келүүгө, чынымды айтсам, мен кызыкдар эмесмин. Тескерисинче, өздөрү кызыкдар болуш керек эле", - деген.
Бакиев бардык маектеринде дооматтарды четке кагып, тагылган айыптарды мойнуна албай келет.
Шерине