Кыргызстанда алимент төлөбөгөн 1204 киши издөөдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 1204 кишиге алимент төлөбөгөнү үчүн издөө жарыяланган. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынын директору Жыргалбек Курманбеков Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан алиментке байланыштуу 60 миң 720 иш өндүрүштө.

Алимент төлөбөгөн жарандарды сот аркылуу эркиндигинен ажыратуу тажрыйбасы Кыргызстанда 2026-жылдан тартып ишке аша баштады. Буга чейин Баткен облусунун, Манас шаарынын, Сузак районунун тургундары кесилип, сот залынан камакка алынышкан.

Ошондой эле 400-500 миң сомдон 1 миллион сомго чейинки алимент карызы бар жарандардан каражат өндүрүлгөнү маалымдалган.

Өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөй турганы расмий айтылган. (КЕ)

Дагы караңыз

"Жетимиш бешчилердин" иши боюнча саясат талдоочу Бакытбек Жумагулов камалдыБаш прокурор Тергөө комитетинин түзүүнү колдой турганын билдирди"Жетимиш бешчилер иши" боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы узардыМурда Самаковго тиешелүү 10 гектар жер трансформация болду