Аннексияланган Крымдагы мунай терминалы соккуга туш болду

Феодосия. Март 2026-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

Аннексияланган Крым жарым аралындагы Феодосия шаарындагы «Деңиз мунай терминалы» пилотсуз учактардын чабуулуна туш болгонун Astra жана мониторинг жүргүзгөн украиналык телеграм-каналдар жазышты.

Supernova+тараткан маалыматка караганда, мунай базасында эки резервуар өрттөндү.

Орусия суюк отун сакталган терминалга сокку урулганын расмий ырастаган жок. Феодосиянын бийлиги шаардагы эки көчө жана Керч шоссеси «кырдаалга байланыштуу» жабык турганын билдирди.

Өрт чыкканын НАСАнун спутниктери да бышыктайт.

Крымдагы эң ири терминал аркылуу жылына 12 миллион тонна мунай продукциясы өтөт, ал жакта бир учурда 250 миң тонна продукция сакталат.

Украин армиясынын Башкы штабы буга чейин билдиргендей, «Деңиз мунай терминалы» ишканасы Крым жарым аралына жана убактыуу оккупацияланган аймактарга күйүүчү май ташылган негизги хаб болуп эсептелет. Терминал украин куралдуу күчтөрүнүн соккуларына мурда да кабылган. Согуш башталгандан бери андагы 34 резервуардын 12си жабыркаган.

Украина Орусиянын агрессиясына жооп иретинде ал өлкөнүн согуш машинасын күйүүчү май менен камсыздаган жайларды бутага алып келет.

Дагы караңыз

Нарында 7-класстын окуучусу өз жанын кыйганы айтылдыКыргызстанда алимент төлөбөгөн 1204 киши издөөдөБаш прокурор Тергөө комитетинин түзүүнү колдой турганын билдирди