Кыргызстанда 1204 кишиге алимент төлөбөгөнү үчүн издөө жарыяланган. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынын директору Жыргалбек Курманбеков Жогорку Кеңештин 8-апрелдеги жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан алиментке байланыштуу 60 миң 720 иш өндүрүштө.
Алимент төлөбөгөн жарандарды сот аркылуу эркиндигинен ажыратуу тажрыйбасы Кыргызстанда 2026-жылдан тартып ишке аша баштады. Буга чейин Баткен облусунун, Манас шаарынын, Сузак районунун тургундары кесилип, сот залынан камакка алынышкан.
Ошондой эле 400-500 миң сомдон 1 миллион сомго чейинки алимент карызы бар жарандардан каражат өндүрүлгөнү маалымдалган.
Өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөй турганы расмий айтылган. (КЕ)
Шерине