Абактагы Ирина Карамушкинанын күйөөсү президентке кайрылды

Ирина Карамушкина. Архив сүрөт.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, учурда абакта отурган Ирина Карамушкинанын күйөөсү Манас Боркеев президент Садыр Жапаровго кайрылып, аялына ырайым берүүсүн суранды. Ал бул тууралуу Фейсбук баракчасына жазып, төрт ай мурда ырайым суралганын, документ президенттин администрациясында экенин белгилеген.

Чүйдүн Степное айылындагы аялдар абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан мурдагы депутат Ирина Карамушкина президент Садыр Жапаровго ырайым берүүсүн өтүнүп кайрылганын анын адвокаты Аскар Алымкулов "Азаттыкка" 14-мартта кабарлаган. Өтүнүч кат президентке абактын администрациясы аркылуу жиберилген.

Ирина Карамушкина кайрылуусунда өзүнө тагылган айыпты мойнуна албасын, күнөөсү жоктугун билдирген.

Карамушкина №2 аялдар абагына жазасын өтөөгө 2025-жылы ноябрь айында которулган.

Ал Кой-Таш окуясы жана шайлоодогу добуш сатып алуулар тууралуу айыптоонун негизинде соттолуп, жалпы сегиз жылга кесилген.

Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарында депутат болгон.(КЕ)

Дагы караңыз

Нарында 7-класстын окуучусу өз жанын кыйганы айтылдыКыргызстанда алимент төлөбөгөн 1204 киши издөөдөБаш прокурор Тергөө комитетинин түзүүнү колдой турганын билдирди"Жетимиш бешчилердин" иши боюнча саясат талдоочу Бакытбек Жумагулов камалды