Депутат Бекешев прокуратура органдарын "тазаланууга" чакырды

Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев укук тартибин коргоо органдары ушул убакка чейин кызмат абалынан пайдаланып келген деген пикирин парламенттин жалпы жыйынында билдирип, Башкы прокуратураны "тазаланууга" чакырды. 8-апрелдеги жыйында мындай оюн ал башкы прокурор Максат Асаналиевдин 2025-жылдагы иши боюнча отчету угулуп жаткан учурда айтты.

"Башкы прокуратуранын тергөө органдары укук коргоо органдары менен алдын ала тил табышып келишкен, мындай фактыларды азыр көрүп жатабыз. Прокурорлор айыптоо корутундусун көбүнчө УКМКнын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып чыгарышарын белгилегим келет. Буга чейин алар биргелешип ишкерлерди камаса, азыр прокурорлор ишкерлерди камаган УКМКнын кызматкерлерин камап жатат. Эртең дагы кимди камай турганын Кудай билет. Саясат алмашары менен алар аны же муну камашат. Башкы прокуратура өзү дагы тазаланууга убакыт келди деп ойлойм. Анткени ушундай мыйзам бузуулардын болушуна прокуратура кызматкерлери да күнөөлүү", - деди Бекешев.

Башкы прокурор Максат Асаналиев бардык айыптоо корутундусу чогултулган далилдердин, материалдардын негизинде чыгарыла турганын белгилеп, депутаттын айткандарын четке какты.

Ал Башкы прокуратурада тазалоо иштери дайым жүрөрүн, өткөн жылы прокуратура кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, жоопкерчиликке тартылгандар болгонун кошумчалады.

Мунун алдында Асаналиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы кызматкерлеринин мыйзамсыз жана коррупциялык иштерине байланыштуу Аскер прокуратурасы 18 кылмыш ишин козгоп, тергеп жатканын билдирген.

Анын айтымында, козголгон кылмыш иштеринин алкагында УКМКнын тогуз кызматкери жоопкерчиликке тартылды - сегизи соттун чечими менен камалды, бирөө үй камагына чыкты. Асаналиев кылмыштардын ичинде купуя материалдарга байланыштуу бир иш бар экенин, ал дагы тергелип жатканын кошумчалады.

Башкы прокурор УКМКнын кызматкерлеринин үстүнөн жазылган 386 арыз каралып жатканын, арасында такталбай калган, текшерилип жаткан материалдар бар экенин белгиледи.

10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагалыгынан бошоткон. Ошондон кийин УКМКнын бир катар кызматкерлери кармалып, иштен алынган. Аларга жемкорлук тууралуу айып тагылган. (КЕ)

Дагы караңыз

Аннексияланган Крымдагы мунай терминалы соккуга туш болдуАбактагы Ирина Карамушкинанын күйөөсү президентке кайрылдыНарында 7-класстын окуучусу өз жанын кыйганы айтылдыКыргызстанда алимент төлөбөгөн 1204 киши издөөдө