ТИМ: Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы тынчтык диалогун илгерилетүү аракетин кубаттайт

ТИМ имараты.

Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу жетишилгенин, ошондой эле Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин жана башка кызыкдар тараптардын чыңалууну төмөндөтүүгө, тынчтык диалогун илгерилетүүгө багытталган аракеттерин кубаттайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин 8-апрелде тараткан маалыматында айтылды.

"Бардык пикир келишпестиктерди БУУнун Уставынын жана эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларынын негизинде саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүүнү ырааттуу жактап, Кыргыз Республикасы аймакта туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүүгө үмүттөнөрүн билдирет", - деп жазылган ТИМдин маалыматында.

АКШ президенти Дональд Трамп жана Иран бийлиги Пакистандын ортомчулугу менен эки жумага ок атууну токтотууну макулдашты. Бул убакыт ичинде тараптар тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүшү керек.

7-апрелде эгер Иран келишимге келбесе бүтүндөй цивилизация жок болорун жазган Трамп социалдык тармактарга Тегерандан 10 пункттан турган сунуштарды алганын жана “бул сүйлөшүүлөр үчүн кабыл алчу негиз” экенин билдирди.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусуна жакын Тасним агенттиги ок атышуу эки тараптын ортосунда “конкреттүү шарттар” менен токтотулганын жазды.

Трамп Пакистан менен жүргүзүлгөн кеңешүүдөн жана Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин өтүүсүнө тоскоолдук болбойт деген шарттан кийин "Иранды бомбалоону жана ага кол салууну" эки аптага токтотуп жатканын Truth Social социалдык түйүнүнө жазды.

Өз кезегинде Иран да атышууну токтотууга даяр экенин билдирип, бир катар шарттарды койду.

Израил менен АКШ Иранга каршы аскердик операциясын 28-февралда баштаган. Америка лидери Дональд Трамп согуштун башкы максаты Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө экенин айтууда. Иран алардын чабуулуна жооп кылып, Кошмо Штаттардын Перс булуңундагы аскер базаларына жана союздаштарынын инфратүзүмүнө сокку уруп келди. (КЕ)

Дагы караңыз

Аннексияланган Крымдагы мунай терминалы соккуга туш болдуАбактагы Ирина Карамушкинанын күйөөсү президентке кайрылдыНарында 7-класстын окуучусу өз жанын кыйганы айтылдыКыргызстанда алимент төлөбөгөн 1204 киши издөөдө