Нарын районундагы Ийри-Суу айылында 7-класстын окуучусу өз жанын кыйган деген окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады.
Иш, мекеменин маалыматына караганда, Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси ("Өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен козголду.
Милиция билдиргендей, өспүрүмдүн сөөгү сарайдан асынган абалда 1-апрелде табылган. Бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.
Нарын районундагы мектептердин биринде окуган 7-класстын окуучусу өз жанын кыйганын 8-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламенттин жыйынында айтып чыккан. Депутат китептин ижарасына деп чогултулган акчадан 110 сом жоголгонуна мектеп жетекчилиги баланы күнөөлөгөнү өспүрүмдүн өз жанын кыюусуна алып келгенин айтып, спикерди жана өкмөт өкүлүн окуяга көзөмөл кылууну сураган.
Расмий маалыматка караганда, 2025-жылы Кыргызстанда 101 өспүрүм өз жанын кыйган. Бул 2024-жылдагы көрсөткүчтөн 14кө көп.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов былтыр суицидге барган өспүрүмдөрдүн көбү Жалал-Абад облусунда катталганын билдирген. Аталган облуста 20 өспүрүм, Чүй жана Ысык-Көл облустарында 18ден, Баткенде 13, Ош облусунда 10, Нарын жана Талас облустарында экиден, Бишкекте 12, Ош шаарында үч өспүрүм өз жанын кыйганы айтылган.
Суицидге барган балдардын 85и мектеп окуучулары, 11и студенттер, беш бала эч жерде окубаганы, 66,3% эркек балдар, 33,7% кыздар экени аныкталган.
Милиция суицидге барган балдардын көпчүлүгү ата-энеси миграцияда жүргөндөр экенин билдирип келет. Өз жанын кыйган айрым балдардын жакындары өлүмгө мектептеги чоңсунуу, рэкетчилик себеп болгонун да айтып чыгышкан. (ZКo)