Түндүк Корея шаршембиде кайрадан ракеталарын сынады

Түндүк Кореянын ракета атканын Сеулдагы телеканал көрсөтүүдө. Түштүк Корея, 22-октябрь, 2025-жыл.

Түндүк Корея 8-апрелде кыска аралыкка жетүүчү бир нече ракета учурганын Түштүк Кореянын армиясы билдирди. Маалыматка караганда, Вонсан районунан Чыгыш деңизи көздөй «бир нече баллистикалык ракета» атылды, алар 240 километрге жакын аралыкты учуп өттү.

Быйыл жыл башынан бери Пхеньян төртүнчү жолу ракета сынаганы белгилүү болду.

Түштүк Кореянын Улуттук коопсуздук кеңеши чукул чогулуп, кошуна өлкөнү «БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын бузган провокацияларды токтотууга» үндөдү.

Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Мён өткөн июнда кызматка киришкенден бери Пхеньян менен алакаларды жакшыртууга аракеттенип келген.

Буга карабай Түндүк Корея кошунасы менен ымалага келбей турганын билдирүүдө жана сүйлөшүүлөргө кайтуудан да баш тартып жүрөт. 7-апрелде бул өлкөнүн тышкы иштер министринини орун басары Чан Гым Чхол Түштүк Корея Пхеньян үчүн дайыма «эң кас мамлекет» бойдон каларын эскертти.

Былтыр октябрда аскердик парадда Түндүк Корея өзүнүн континент аралык жаңы ракетасын көрсөтүп, аны "эң кубаттуу өзөктүк стратегиялык курал" деп атаган.

Пхеньян дүйнөдөн изоляцияда жашап, өзөктүк куралына байланыштуу санкцияларга кабылган.

Дагы караңыз

Дүйнө лидерлери АКШ менен Ирандын макулдашуусун кубатташуудаАКШ менен Иран атышууну эки жумага токтотту, Ормузда кемелер өтө баштадыДепутат Бекешев прокуратура органдарын "тазаланууга" чакырды