Кемпир-Абад иши: Прокуратура кассациялык сунуштама боюнча чечимин аныктай элек

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар шаардык сотто да акталгандан кийин. Бишкек. 27-март, 2026-жыл.

Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев Кемпир-Абад ишине байланыштуу айыпталгандарды актаган сот чечими боюнча “Азаттыкка” комментарий берди. Ал азырынча соттун чечими менен тааныша электигин жана Жогорку сотко кайрылууга прокуратурада убакыт бар экенин айтты:

"Бул иш боюнча райондук инстанция актоо өкүмүн кабыл алган. Ага ишке катышып жаткан прокурорлор макул болбой, апелляциялык арыз менен андан кийинки инстанцияга - шаардык сотко кайрылышкан. Бишкек шаар соту да актоо өкүмүн күчүндө калтырыптыр. Биз сот өкүмүн ала элекпиз. Алып, окугандан кийин анан сот эмненин негизинде, эмнеге аргумент кылды, ошону көрөлү. Жогорку сотко кайрылууга бир жылдык мөөнөтүбүз бар, анан чечебиз", - деди Максат Асаналиев.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 442-беренесине ылайык, апелляциялык инстанциядагы соттун өкүмүн кассациялык тартипте кайра кароо үчүн даттанууга бир жыл мөөнөт берилет.

Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы быйыл 27-мартта Кемпир-Абад иши боюнча райондук соттун актоо өкүмүн күчүндө калтырган.

2024-жылдын 14-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту айыпталгандардын баарын актаган. Эртеси күнү 15-июнда президент Садыр Жапаров сот чечимине комментарий берип, “эгер мен сот болсом, бул иштин уюштуруучуларына кандайдыр бир жаза берет элем, жок дегенде айып пул же пробация” деген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган. Алардын айрымдарынын иши өзүнчө бөлүнүп алынган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы бул ишке “жашыруун” грифин койгон.

Айыпталуучулардын баары коюлган кинени мойнуна алган эмес.

Биринчи май райондук сотундагы актоо өкүмүнөн кийин иш Бишкек шаардык сотуна прокуратуранын апелляциялык арызынын негизинде жөнөтүлгөн, процесс 1 жыл 8 ай уланды.(ZKo)

Дагы караңыз

"Жетимиш бешчилер иши" боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы узардыТүндүк Корея шаршембиде кайрадан ракеталарын сынады АКШ менен Иран атышууну эки жумага токтотту, Ормузда кемелер өтө баштады9-апрелдин аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтМурда Самаковго тиешелүү 10 гектар жер трансформация болду