Иран АКШ менен сүйлөшүүгө катышарын ырастады

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан. Архив.

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Пакистандын өкмөт башчысы Шахбаз Шарифке өлкөнүн өкүлдөрү АКШ менен сүйлөшүүлөргө катышарын бышыктады. Жолугушуу 10-апрелде Исламабадда өтөрү пландалууда.

Шарифтин кеңсеси тараткан билдирүүдө айтылгандай, эки лидер шаршембиде 45 мүнөткө созулган “жылуу жана жагымдуу сүйлөшүү” жүргүздү.

"Президент Пезешкиан Иран сүйлөшүүлөргө катышарын ырастады жана Пакистандын аракеттерине ыраазычылыгын айтты”, - деп жазды Шариф Х социалдык тармагындагы постунда.

Мунун алдында Пакистандын премьер-министри АКШ жана Иран делегацияларын 10-апрелде башкалаага келип, “ортодогу талаштарды биротоло жөнгө салуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүүгө” чакырган.

Ирандын жарым-жартылай мамлекеттик ISNA кабар агенттиги тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү делегацияны парламенттин спикери Мохаммед Бакер Калибаф жетектеп барарын жазды.

Ал эми АКШ тараптан Исламабадга вице-президент Жей Ди Вэнс барары күтүлүүдө.

Бирок азырынча бул маалыматтарды Вашингтон жана Тегеран расмий тастыктай элек.

Дагы караңыз

"Фейсбуксуз деле күн өтөт". Like үчүн акылдан аздыкпы?"Жетимиш бешчилер иши" боюнча кармалгандардын бөгөт чарасы узардыАКШ менен Иран атышууну эки жумага токтотту, Ормузда кемелер өтө баштады