Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:52

"Фейсбуксуз деле күн өтөт". Like үчүн акылдан аздыкпы?

Бала кезде менде бир адат бар эле. Керебеттин астында жатып алып китеп окуганды жакшы көрчүмүн. Ошол жерден эч ким тынчымды албасын билчүмүн. Кээде баш-отум менен сүңгүп, убакытты унутуп калар элем.

Студент кезимде китепкананын жымжырттыгы жакчу. Алаксыбай ишти аягына чыгаруу адамга канааттануу тартуулайт эмеспи. Кызымды кичинесинде уктатып коюп, бактын көлөкөсүндө жөн гана ойлонуп отурган кездерди сөз менен жеткире албайм. Тагдырымды өзгөрткөн эң маанилүү чечимдерди ошол учурларда кабыл алыпмын.

Кийин ошол тынчтыкты жоготуп алганымды кокусунан эле, “Жан” аттуу анимациялык тасманы көргөндө түшүнгөм. Анда ишин эргүү менен кылган адамдардын жаны асманга көтөрүлүп, башка дүйнөгө саякаттап эмеспи.

Мен ошол абалды эмнеге жоготуп алдым деп көпкө ойлонуп жүрдүм. Акыркы жообун Жоханн Харинин “Уурдалган көңүл. Чачыранды ойду кантип топтойбуз?” деген китебинен таптым окшойт.

Анда бул абал “агым” деп аталары, мындай терминди илимге биринчи болуп психолог Михай Чиксентмихайи киргизгени жазылган. Азыр биз суктанып окуган же көргөн чыгармалардын көбү ошол абалдан кийин жаралыптыр.

Михай Чиксентмихайини адам табиятынын жарык жагын изилдөөгө башка бир психолог, ойлоп табуучу Беррес Фредерик Скиннердин теориялары түрткөн.

Скиннер сыйлык (жем) берүү менен жандыктарды каалагандай башкарса болорун айткан. Сөзүнүн тууралыгын далилдеш үчүн эксперименттерди жүргүзгөн.

Чиксентмихайи кесиптешинин бул ыкмаларын сындап, адам баласында акыл-эс барын, эч кандай сыйлыкка умтулбай эле эмгек жаратарын сүрөтчүлөрдүн мисалында далилдеген.

Анткен менен Скиннердин теориясын убагында Инстаграмдын түзүүчүлөрү колдонгон экен. Тилектери ишке ашып, бүгүн жүрөкчө жана мактоолор үчүн адамдар кээде уят-сыйытты жыйыштырып, адеп-ахлак чегинен чыгып кеткенин көрүп жатабыз.

Нейробиологдор эгер сиз диссертация жазып же үй салып жатсаңыз, анын үзүрүн иш бүткөндө көрөсүз дешет. Бирок кыска видеону көргөндө же сүрөтүңүзгө жакты белгиси жааганда мээ сизди дароо сыйлайт экен. Дофамин гормонунун көп бөлүнүп чыгышы адамга рахат тартуулап, акырындык менен социалдык медиага жипсиз байлайт тура.

Бирок анын зыянычы? Америкада атайын изилдөө жүргөндө жумуш учурунда социалдык медиага же мессенжерге алаксыган киши кайра ишине кунт коюшу үчүн 25 мүнөт сарптарын аныкташкан экен. Биз үчүн Фейсбукка кирип чыгуу арзыбаган иштей туюлганы менен мээ буга эбегейсиз энергия сарптайт дешет.

Китепте уйку тууралуу дагы кеп болуптур. Илимпоздордун баамында, соңку жылдары адам баласы аз уктай баштаптыр. Түн бир оокумга чейин телефон карап, эртең менен таш түшүргөндөй чарчап калганыбыз бекеринен эместир?

Дарыгерлер кыргыз коомунда соңку жылдары кант диабети, жүрөк-кан тамыр жана нерв оорулары жашарганын айтып келишет. Балким буга жакшы уктабаганыбыз, эртеси сергек болуш үчүн кант чыланган кофе уурттап же энергетик, газдалган суусундуктарды ичкенибиз дагы себеп болуп жүрбөсүн?

Уйку маалында бөлүнүп чыккан мелатонин гормону организмди тазалай турган касиетке ээ экен. Эгер биз аз уктасак ал өз милдетин аткарууга жетишпей, дене ууга шыкалып, мас кишидей кунт коюубуз бузулат дешет.

Анан калса биздин мээбиз миңдеген жылдардан бери акырындык менен өрчүптүр. Күүгүмдү мээбиз көбүрөөк иш бүтүрүп алчу убакыт катары кабыл алат экен. Ал эми акыркы жүз жылда пайда болгон жасалма жарыктарга мээ ыңгайлашпаптыр.

Ошол себептүү илимпоздор жатарга эки саат калганда экран аттуунун баарын өчүрүүнү сунушташат. Болбосо мээ аны күн батып баратат деп кабыл алып, денеге сергектик импульсун тартуулайт экен. Андайда адам түнкү бир-экиге чейин шайдоот тартып, бирок эртеси шалдырап калат тура.

Учурда Батышта Фейбук, Инстаграм, Вотсап платформасына ээлик кылган Мета’ны жана YouTube’га ээлик кылган Google компаниясын сотко бергендер болууда. Жакында эле бул компанияларды 20 жаштагы Кейли аттуу кыз психологиялык саламаттыгына доо кетиргени үчүн сотко берип, жеңип алды. Келечекте мындай доогерлердин саны дагы көбөйүшү мүмкүн.

Азыр айрым мамлекеттер жашы жете элек балдарга социалдык медианы колдонууга тыюу салып жатышат. Алар муну жаш муундун когнитивдик жөндөмдөрүн сактап калуу аракети катары түшүндүрүүдө. Тынымсыз алагды болуу адамдын, айрыкча балдардын кунт коюу жөндөмүнө доо кетирет экен.

Көп ата-энелер мындай чектөөнү колдоп, ошол эле Силикон өрөөнүнүн инженерлери балдарына телефон ордуна китеп окутуп, сыртка ойнотуп, ийримдерге берүүнү эп көрүшөт экен.

Китеп окубаган коомдо ташбоорлор көбөйөбү?

Автор китеп окуу, айрыкча көркөм чыгармалар адамда боорукерлик сезимин ойготуп, креативдүү ойлордун жаралышына жол ачарын жазган. "Эгер гумандуу коом түптөгүбүз келсе, анда китеп окуу маданияты жакшы чечим" дешет окумуштуулар.

Хари телефондун айынан балдар сыртта ойнобой калганын өз байкоосунун негизинде белгилеген. Оюн учурунда балдар мамиле кылганды, тил табышууну, жол бошотконду үйрөнүп, чоң турмушка даярданат дейт. Ал эми биз аларды үйдөн чыгарбай коруп, телефон карматуу менен мындай тажрыйбадан кур калтырат экенбиз.

"Достук Фейсбукта же Инстаграмда жакты белгисин басуу эмес. Достук - бул сырдашуу, жетелешип басуу, колдоо", - дейт Жоханн Хари.

Автор өзү дагы гаджеттердин таасиринен тажап, АКШнын Кейп-Код аралында үч ай жашаган экен. Ошол учурда Интернетке туташкан телефон, телевизор, ноутбукту такыр колдонбоптур. Жөн гана сейилдеп, китеп же гезит окуп, эрте уктап, йога менен машыгыптыр. Алгачкы он күндө телефонун издеп, Твиттерге киргиси келип, баңгиден бетер кыйналган экен. Ошол абалдан өтүп кеткенден кийин бир күнү уйкусу жакшырып, таң атпай ачуу кофе же жатарда уйкунун дарысын ичкен адатын унутканын байкаптыр.

Дагы бир күнү океан бойлоп баратканда көптөн бери жазсамбы деп жүргөн романдын сюжети көз алдына тартылат. Дал ушундай окуя XIX кылымда жашап өткөн француз математиги Анри Пуанкаренин башынан да өткөн экен. Ал математикадагы эң оор маселенин үстүндө баш катырып жообун таба албай кыйналганда ишин белгисиз мөөнөткө таштап коет. Анын бир күнү коомдук транспортко түшкөн жеринен чечим өзү эле мээге тык этет.

Илимпоздор ошого карабастан адамдар алаксып турууну тандашарын айтышат. Көрсө, биз ой чабыттаган кезде эске түшкөн оор окуялардан качат экенбиз. Эгер өткөн учурдагы терс тажрыйбаларды унутуп, маани бербөөнү үйрөнсөңүз, мээ жаңы идеяларды өзү эле иштеп чыгат дешет.

Бирок мээни маалыматка шыкай берсек, ой кантип чабыттамак эле? Илимпоздордун эсебинде, бүгүн адам баласы күн сайын 80 гезит окугандай маалымат алат. Мээге аларды иштеп чыгууга, ылгоого кенедей да мүмкүндүк бербейт экенбиз. Өзүбүз аз келгенсип, кенедей балдарга соцтармактан баракча ачып, контент тарттырып, ойной турган, өсө турган убактысын уурдап жаткандайбыз.

Жоханн Хари адамзат азыр акыл-эсин жыйбаса, дүйнөнү тооруп турган көйгөйлөрдү чече албасын белгилеген. Социалдык медианын таасири менен саясатчылардын жалган убадасына ишенип, жаңылган коомдорду мисал келтирген.

Кыргызстан соңку жылдары мөңгүлөр тездик менен эрип, жайыттар какырап, мал ылаңдап жатканы белгилүү. Бул көйгөйлөр ТикТокту тиктеп отурганда эмес, жамааттык ой жүгүртүүнүн жана чечкиндүү аракеттердин күчү менен чечилет экен.

Өзүм жөнүндө айтсам, мен дагы социалдык медианын жетегинде калыпмын. Бул тузакка качан, кантип түшкөнүмдү деле билбейм. Убактымдын көбү ким бирөөлөрдүн постторун окууга, мессенжерге жооп берүүгө же адамдар менен талаш-тартышка короптур.

Китепти окугандан кийин Фейсбук, Инстаграм же YouTube баштаган платформаларды колдонуу саатын чектөөгө аракет кылдым. Бул албетте, оңойго турбады.

Көрсө бир китепти баштап алып 20 барактан ары аша албай же бир кинону аягына чейин көрө албай түрдүрүү менин же сиздин күнөөңүз эмес экен. Биз ынтаа коюу жөндөмүбүздү, уйкубузду уурдаган, зыяны көбүрөөк тамак-ашты, дары-дармектерди таңуулаган, ыш жыттоого аргасыз доордо жашайт экенбиз.

Бул китеп мен үчүн күзгү болду. Ал менин терс адаттарымды, көңүлүмдүн кантип чачырап, бирдемеден кур калгансып тынчым кетип, алаксыган абалда жашап жатканымды көрсөттү.

“Китепстан” басма үйү жакында чыгарган “Уурдалган көңүл” - бул жөн гана китеп эмес. Бул - мага, сизге жана баарыбызга эскертүү. Эгер биз кунт коюу жөндөмүбүздү азыр сактап калбасак, анда келечекти жоготобуз.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.
Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG