Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:22

Испания 16 жашка чейинкилерге социалдык тармактарга кирүүгө тыюу салууну караштырууда

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Испания 16 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салууну пландап жатат. Мындан тышкары социалдык тармактардагы жек көрүүчүлүк мазмун үчүн платформалардын жетекчилерин жоопкерчиликке тартууну караган мыйзам иштелип чыгат. Бул тууралуу Испаниянын премьер-министри Педро Санчес 3-февралда билдирди.

Муну менен Испания социалдык тармактарга карата чараларды карап жаткан Британия жана Франция сыяктуу өлкөлөрдүн катарына кошулууда.

Ал эми Австралия былтыр декабрда дүйнөдө биринчи болуп 16 жашка чейинки балдарга социалдык платформаларды колдонууга тыюу салган.

Ошондой эле Санчес прокурорлор Grok, TikTok жана Instagram платформаларына байланыштуу мыйзам бузууларды иликтөөнүн жолдорун карап чыгарын билдирди.

Өткөн жылы жарыяланган Ipsos сурамжылоосуна ылайык, испаниялыктардын 82% 14 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды мектеп ичинде да, сыртында да колдонууга тыюу салынышы керек деп эсептейт.

X, Google, TikTok, Snapchat жана Meta компаниялары Испания сунуштаган чаралар тууралуу комментарий бере элек.

Ал эми Австралияда тыюу күчүнө киргенден кийин бир нече жуманын ичинде социалдык тармактар өспүрүмдөргө таандык дээрлик беш миллион аккаунтту өчүргөн.

Ушундай эле чарага барууга Грекия да камынып жатканын 3-февралда Рейтер агенттиги өкмөттөгү булактарга таянып жазды.

Шерине

XS
SM
MD
LG