Орус армиясы Украинанын баш калаасына жана бир катар башка аймактарына ракета жана дрон менен жасалган жапырт чабуулдан көп өтпөй НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Киевге барды. Алдын ала жарыяланбаган сапардын алкагында ал Украина парламенти, Жогорку Радада да сөз сүйлөдү.
"[Орусиянын президенти Владимир Путин] узак убакыттан бери Украинаны алсыз, силерди колдогондор чарчайт, биздин эркибиз бошойт деп эсептеп келген. Ал катуу жаңылган. Украина күчтүү, ал эми биздин колдообуз өзгөрүүсүз бойдон", - деди Рютте депутаттарга кайрылып.
Анын айтымында, "Украина үчүн приоритеттүү талаптар тизмеси" (Prioritized Ukraine Requirements List (PURL) деп аталган механизм аркылуу АКШнын аскердик мааниге ээ миллиарддаган жабдуулары Украинага жеткирилип жатат.
Бул жардамды Киевдин өнөктөштөрү каржылоодо.
«Өткөн жайда PURL ишке киргизилгенден бери ал Украинадагы Patriot абадан коргонуу системалары үчүн колдонулган ракеталардын болжол менен 75%, ошондой эле башка абадан коргонуу системаларында пайдаланылган ракеталардын 90% камсыз кылды», — деди Рютте.
Ал жардамдын көлөмү дагы көбөйтүлүшү керек экенин кошумчалады.
Украинанын расмий өкүлдөрү 3-февралда билдиргендей, түнкү чабуулдун кесепетинен Киевде жана башка аймактарда кеминде тогуз адам жаракат алып, бир нече көп кабаттуу турак жай имараттары жабыркаган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский билдиргендей, Орусия жалпысынан 70тен ашуун ар кандай ракеталарды, анын ичинде көп сандагы баллистикалык ракеталарды, ошондой эле 450 дронду колдонгон.
Орусиянын Коргоо министрлиги соккулар "Украинанын аскердик-өнөр жай комплексине жана энергетикалык объектилерине" багытталганын билдиргенин "Интерфакс" агенттиги жазды.
Шерине