Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:36

Зеленский "Азаттыктын" украин кызматынын кабарчысын "Эрдик" ордени менен сыйлады

Марьян Кушнир.
Марьян Кушнир.

Украинанын президенти Владимир Зеленский орус армиясынын чабуулунан кийин кийин карапайым тургундарды куткарууга жардам көрсөткөнү үчүн аскер кызматкери Владислав Рожковскийди жана "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун украин кызматынын (Радио Свобода) кабарчысы Марьян Кушнирди "Эрдик үчүн" ордени менен сыйлады.

"Радио Свободанын" кабарчысы, Киев облусунда орусиялык дрондун соккусунан улам өрт чыккан батирден төрт жаштагы баланы куткарып калды. Украинада ушундай адамдар бар экенине сыймыктанам. Сиздерге фронтто да, тылда да адамдардын өмүрүн коргогонуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем. Дал ушундай адамдардын аркасында өлкөбүз бекем туруп, душманга каршы күрөшүп жатат" — деп жазды Зеленский.

28-январга караган түнү Марьян Кушнир Киевдин жанындагы Белогородка шаарында дрон тийген көп кабаттуу үйдөн чыга албай калган төрт жашар кызды куткарган. Кыздын энеси жана өгөй атасы аткылоодон каза болгон. Аман калган наристени өз атасы менен агасы алып кеткен.

Журналист “энеси өлгөнүн билип, ыйлап аткан төрт жашар баланы кучагына алгандагы сезимдерин” сүрөттөп, мындайды согушту чагылдырып жүргөн 10 жылда башынан кечирбегенин кошумчалады.

Марьян Кушнир "Азаттыктын" украин кызматында 2015-жылдан бери иштейт. Орусиянын Украинага каршы согушун чагылдырып жүрөт. 2022-жылдын мартында Киев облусунда орус армиясынын чабуулун чагылдырып жатканда контузия алган. Кушнир бир нече журналисттик сыйлыктардын лауреаты.

Ал эми "Холодный Яр» аттуу 93-бригаданын сержанты Владислав Рожковский өткөн аптада Харьков облусунда поездге орус армиясы дрондор менен сокку ургандан кийин адамдарды куткарган.

Зеленскийдин айтымында, Рожковский поезддеги 200дөн ашуун жүргүнчүнүн бири болгон. Аткылоо башталгандан кийин дароо эле ал адамдарды эвакуациялоого жана медициналык жардам көрсөтүүгө киришкен.



Шерине

XS
SM
MD
LG