Эми сот чечими менен ODF уюму талаштуу макалаларды өчүрүүгө, сот чечиминин толук текстин өзүнүн сайтынын башкы бетине жайгаштырууга жана сот чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирилгени айтылууда. Президенттин басма сөз кызматы ошол эле кезде АКШ жана Улуу Британия санкция киргизген кыргызстандык “Керемет Банк”, “Капитал Банк” боюнча дооматтардын "конкреттүү далилдери коомчулукка ачык жарыялана электигин" билдирди. Орусия менен активдүү кызматташканы үчүн деген негизде Батыш өлкөлөрү кыргызстандык бир нече компанияга санкция салган эле.
«Бакай Банк» 7-апрель күнү интернеттеги баракчаларында таркаткан билдирүүсүндө Европадагы бейөкмөт уюмдун жазган айыптоолорун сот аркылуу төгүндөгөнүн кабарлады.
“Bakai Брюсселде Open Dialogue Foundation (ODF) же “Ачык диалог фонду” аттуу бейөкмөт уюмга каршы соттук териштирүүдө жеңишке жетти. 7-апрелде Брюсселдин коммерциялык иштер боюнча соту банкка карата коюлган айыптоолорду негизсиз жана далилдер менен ырасталбаган деп тааныды. Ал коюлган айыптоолор үчүн негиз жок экенин тастыктап, банктын ишкердик аброюн коргойт», - деп жазылган банктын билдирүүсүндө.
Брюсселдин ишкердик соту "Ачык диалог фонду" жетиштүү конкреттүү далилдерди келтирбестен олуттуу жана максаттуу айыптоолорду койгон деген тыянакка келген. Соттун чечиминин жарыяланган бөлүгүндө уюмга 30 күндүн ичинде расмий сайтынын башкы бетинин көрүнүктүү жеринде чечимдин толук текстин комментарийсиз жарыялоо милдеттендирилген. Антпесе күнүнө 10 миң евро айыппул салынары эскертилген.
“Ачык диалог фондунун” расмий сайты учурда иштебей турат. Соттук чечим тууралуу узатылган суроолорго да жооп бере элек.
Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, 2023-жылы ODF Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүү схемаларына “Бакай Банк” да катышкан деп шек санаган макалаларды жарыялап, ага карата санкция киргизүүнү сунуштаган. 2024-жылдын октябрында банк уюмду Европа сотуна берген.
АКШ баштаган Батыш өлкөлөрүнүн санкциялык чараларына “Бакай Банк” кириптер болгон эмес.
2025-жылдын башында “Керемет Банк” чектөөлөргө кабылганда аны менен операцияларын алгачкылардан болуп токтоткон.
Ага чейин да санкциядагы орус банктары менен кызматташтыгын токтотконун жана “Мир” картасын тейлебей турганын жарыялаган болчу.
Банк “Орусиянын Украинага каршы агрессиясын колдобой турганын, бирок андан санкциялык эрежелерди карманууну талап кылуу реалдуу эместигин” билдирген.
“Бакай Банктын” соттогу утушуна байланыштуу кыргыз бийлиги да өз пикирин жарыялады.
Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Батыш өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылган “Керемет Банк” менен "Капитал Банктын” маселесин да козгой кетти.
Ал “Кыргызстандын дагы бир банкы – “Керемет Банк” Орусияга каршы киргизилген чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө шектелип, АКШнын жана Улуу Британиянын санкцияларына кабылган. Өз кезегинде “Капитал Банк” дагы Улуу Британиянын санкциялык тизмесине киргизилген” деп жазды.
“Бул жерде маанилүү бир жагдай: санкциялар айыптоо мүнөзүнө гана ээ. Башкача айтканда, банктар санкцияларды кыйгап өтүүгө болгону шектелип жатат. Азырынча АКШ да, Улуу Британия да мыйзам бузуулар боюнча конкреттүү далилдерди коомчулукка ачык жарыялай элек. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бул айыптоолорду бир нече жолу четке кагып, ата мекендик банктарга карата санкциялар айрым өкмөттүк эмес уюмдар жана ак ниетсиз тараптар тараткан жалган маалыматтарга негизделгенин баса белгилеп келген”, - деди Алагөзов.
2025-жылдын январь айында АКШ менен Улуу Британия кыргыз өкмөтүнүн катышуусундагы “Керемет Банкты” санкциялык тизмеге киргизген.
Орусияга кош маанилүү товарларды ташыганы ачыкталган жеке компанияларга салынган санкцияларга адеттегидей карап келген кыргыз бийлиги кезек банк чөйрөсүнө жеткенде катуу аракет көрүп, Батыштын чабармандары менен талкууларды активдүү жүргүзүп кирген. Арийне, өкмөт күткөн жыйынтык чыккан эмес.
2025-жылдын күзүндө президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасында санкциялар темасын козгоп, кыргыз банктарына карата чектөөлөр негизсиз жана адилетсиз колдонулуп жатканын билдирген. Ал Кыргызстандын банктарынын ишмердигине эл аралык көз карандысыз аудит жүргүзүүгө чакырган:
Садыр Жапаров
“Бир тараптуу санкциялар бизге, жаңыдан бутуна туруп келе жаткан өлкөгө да кесепетин тийгизүүдө. Кыргызстан экономикасын өз алдынча чыңдоого күч үрөп, аракеттенип келебиз. Андыктан, негизсиз санкцияларды өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары жана жаңыдан бутуна туруп келе жаткан экономикабызды төбөсүнөн ылдый басуу деп баалайбыз. Кыргызстанга карата жарыяланган санкциялар айрым бейөкмөт уюмдар жана кара ниет жарандарыбыз тарабынан жайылтылган жалган маалыматтарга негизделген. Кыргызстан банктардын ишмердүүлүгүн кылдат текшерттирүү үчүн көз карандысыз эл аралык аудиттерди кабыл алууга даярбыз”.
Президенттин сөзүнөн көп өтпөй, ноябрь айында Улуу Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук агенттиги мыйзамсыз акча адалдоо менен алектенген эл аралык түйүн санкциялардан буйтоо жана орус согуш операцияларын колдогон төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстандагы “Керемет Банкты” сатып алганын аныктаганын жарыялаган.
Британ агенттигинин сайтындагы маалыматка караганда, банк TGR жана Smart деп аталган кылмыштуу түйүндөрдүн ээлери менен байланыштуу Altair Holding SA компаниясынын колуна өткөндөн кийин Орусиянын согуштук-өндүрүштүк комплексин колдогон “Промсвязьбанктын” эл аралык төлөмдөрүн жүргүзүүгө жардам берген деп жазылган.
2025-жылдын августунда санкцияга мамлекеттин колундагы «Капитал Банк» да кабылган. Улуу Британиянын версиясы боюнча, «Капитал Банк» жана аны менен кызматташкан криптобиржалар Орусиянын аскердик товарларды сатып алуу жана санкцияларды кыйгап өтүү амалдары үчүн колдонулган.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров учурда кыргыз банктарынан акча которууларга өтө кылдат мамиле жасоо талап кылынып жатканын айтууда.
Ал орус-украин согушунан улам пайда болгон мүмкүнчүлүктү өз кызыкчылыгына колдонуп жиберген учурлар да болгонун бир кездери мигранттардын которгон акчасын конвертациялоо жана накталоодон алынган пайыздык комиссияны мисал кылууда:
Элдар Абакиров
“Эми күмөндүү которуулар арасында болушу мүмкүн. Бирок, өзүнүн аброюн ойлогон көп өлкөлөр менен чоң компаниялар жалпысынан Орусия менен түз логистика, товар жүгүртүүдөн качкандыктан, балким, жалгыз эле биз эмес, Грузия, Армения, Казакстан аркылуу көбүрөөк операциялар болуп жатат деп ойлойм. Албетте, ал жерде алып-сатарларда чоң киреше бар. Демек, ошого кызыккан компаниялар көп. Банк ошол жагын көзөмөлгө алыш керек. Кардар ким, ал Кыргызстан аркылуу Орусияга согушка тиешелүү товарларды ташышы мүмкүнбү? Эгер мүмкүн болсо, анда ошол кардарлар менен сүйлөшүү жүргүзүп, чараларды көрүшү керек. Ар бир банк комплаенс-көзөмөлдү коюп, текшерип атса керек. Эгер аны кылбаса, анда санкцияга түшүп калуу ыктымалдыгы өтө чоң болот”.
Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүүсүнө жана эл аралык акча которуулар боюнча күмөндүү схемаларына катышкан деген кине менен 2025-жылы үч кыргыз банкы санкциялык тизмеге киргизилген.
Алардын экөө – “Керемет Банк” менен “Капитал Банк” өкмөт катышкан банктар болсо, “Толубай Банк” жеке банк болуп эсептелет.
Мындан тышкары, дагы 25тей жеке компания “кара тизмеге” кабылган.
Алар Орусиянын аскердик-коргонуу комплексине зарыл болгон кош маанилүү товарларды жеткирүү схемаларына катышканы айтылган.