Атайын кызматтар орусиялык хакерлер дүйнөдөгү роутерлерди бузуп киргенин аныкташты

Иллюстрация сүрөт.

Орусиялык хакерлердин APT28 тобу дүйнө жүзүндө TP-Link үлгүсүндөгү бир нече миң Wi-Fi роутерге, анын ичинде маанилүү инфраструктурага таандык жабдыктарга хакердик чабуул койгону ачыкка чыкты. Бул тууралуу 7-апрелде Германиянын Конституцияны коргоо боюнча федералдык мекемеси билдирди.

Аларды аныктоо ишине ошондой эле өлкөнүн Чалгын кызматы жана АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (FBI) катышкан.

Маалыматка караганда, Fancy Bear же Forest Blizzard деген аталыш менен да белгилүү топ коргоо мекемелеринин, өкмөттүк агенттиктердин жана маанилүү инфраструктуранын маалыматын алуу үчүн сөз болгон роутерлерге киберчабуул койгон.

Германияда ошондой 30 роутер аныкталган, айрым учурларда алардын ишине зыян келтирилген. Кээ бир жабдыктар алмаштырылды, башкалары техникалык изилдөөгө жөнөтүлдү.

Украинанын Коопсуздук кызматы Еврошаркеттин тиешелүү кызматтары жана америкалык иликтөө бюросу менен биргеликте өткөрүлгөн операциянын натыйжасында чет өлкөлүк жарандардын жана жергиликтүү кишилердин кеңселериндеги жана үйлөрдөгү роутерлерди бузуп кирүү фактылары белгилүү болгонун билдирди.

Германия жана Еврошаркеттин башка өлкөлөрү Орусиянын бийлигин кибер чабуулдарды ишке ашыруу жана маалыматтарды уурдоо үчүн хакердик топторду колдонгонун буга чейин да айтып келишкен. Андай чабуулдар Москва Украинага кол салгандан бери көбөйгөн.

Акыркы жолу ошондой аракет катталганда Орусиянын элчиси Германиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылган.

Fancy Bear же APT28 тобун Орус куралдуу күчтөрүнүн аскердик чалгын башкармалыгына (ГРУ) байланыштырып келишет.

Дагы караңыз

Азия чемпионатында үч кыргыз балбаны алтын медал алды"Фейсбуксуз деле күн өтөт". Like үчүн акылдан аздыкпы?Кыргызстандагы кылмыштуу топтун мүчөсү Орусияда кармалганы кабарланды