Орус армиясы Запорожье жана Днепропетровск облустарына сокку урду

Орус армиясынын соккусунан талкаланган үй. Украина. Запорожье облусу. Балабино кыштагы. 8-апрель, 2026-жыл.

Орусиянын армиясы 9-апрелдин таңында Украинанын Запорожье районуна сокку уруп, бир адам каза болуп, дагы төрт киши жараат алды. Бул тууралуу Запорожье облустук аскердик администрациясынын башчысы Иван Федоров билдирди.

Анын айтымында, кеминде сегиз жолу сокку урулган. Балабино кыштагында менчик үйлөр жабыркаган.

Днепропетровск облустук аскердик администрациясынын башчысы Александр Ганжа билдиргендей, орус күчтөрүнүн чабуулдарынын кесепетинен үч райондо эки адам жараат алган.

Никополь районунда көп кабаттуу үйлөр, гараж жана автоунаалар жабыркаган. Павлоград шаарында дүкөндөр менен турак үйлөргө зыян келтирилген.

8-апрелдин кечинде, украиналык энергетикалык холдинг билдиргендей, орус армиясы Одесса облусундагы электр подстанциясына сокку урган.

Компаниянын маалыматында, адистер жабыркаган жабдууларды текшерип жатат.

"Үйлөргө жарыкты мүмкүн болушунча тез кайтарууга бардык аракетти кылабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Одесса облустук администрациясынын башчысы Олег Кипер да маанилүү инфраструктура объектине зыян келтирилгенин билдирген, бирок чоо-жайын тактаган эмес.

Украинанын Аба күчтөрүнүн маалыматына ылайык, бейшембиге караган түнү Орусия Украинага 119 дрон менен чабуул койгон. Алардын 99у абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлгөн. Дагы 16 дрон 11 жерде кулаган.

Орус бийлиги көптөгөн фото жана видео далилдерге карабастан, бир гана аскердик жайларды бутага аларын айтып, карапайым тургундар жашаган райондорго урулган соккуларды мойнуна албай келет.

Дагы караңыз

Кыргызстан энергетика тармагын жакшыртууга 67,7 млн евро насыя алатАКШ: Айдоочулук күбөлүк берүүчү жайдын жанынан борборазиялык 13 мигрант кармалдыКара-Суу районунда жетим балдарга үй курууга жер тилкелери берилди