Чек ара кызматынын Ош облусундагы "Эркечтам" өткөрүү пунктунда өмүрүнө кол салганы айтылып жаткан 22 жаштагы жоокердин абалы өтө оор деп бааланууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн 9-апрелде тараткан маалыматта айтылды.
Министр Дамир Осмонов Алай районундагы иш сапары учурунда жоокерден кабар алды. Бейтаптын жакындары менен да жолугуп, дарылоо процесси тууралуу маалымат берди.
"7-апрелде Алай районуна Ош облустук бириктирилген клиникалык ооруканасынан эки нейрохирург жана анестезиолог-реаниматологдон турган адистер тобу жөнөтүлүп, операция жасалган. Учурда бейтап дарыгерлердин туруктуу көзөмөлүндө, анын абалы өтө оор деп бааланууда. Министр бейтапты дарылоону өзгөчө көзөмөлгө алып, керектүү адистерди тартуу менен улантууну тапшырды", - деп билдирди министрлик.
Маалыматка ылайык, келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан жоокер 7-апрель күнү өзүнө аткын, ок ээктин алдынан кирип, көз тушунан чыгып кеткен. Жаагы, баш сөөктөрү жабыркаган.
Ал аталган өткөрүү пунктунда келишимдик негизде үч жылдан бери кызмат өтөп жаткан.
Мамлекеттик Чек ара кызматы жоокер өзүн өзү атып алган деп 8-апрелде кабарлаган. "И. уулу А. (2004-жылы туулган) АК-74 автоматы менен башына ок чыгарып, өз жанын кыйганга аракет кылган. Бул факт боюнча тиешелүү укук коргоо органдарына маалымдалды", - деп билдирген Чек ара кызматы.
Окуянын бардык жагдайларын жана себептерин аныктоо үчүн кызматтык иликтөө жүрүүдө.
4-апрель күнү Лейлектеги Чек ара тозотунда аскердик кызмат өтөп жаткан жоокер, аскерге былтыр күзүндө чакырылган Данияр Нурбеков автокырсыктан жабыркаган. Ал Лейлек райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатканы, комадан чыга электиги кабарланууда. Ага да Ош шаарынан тийиштүү адистер барып, операция жасалганы айтылган. Даниярдын апасы уулунун өмүрүн сактап калууну өтүнүп, президентке кайрылган.
Акыйкатчы институтунун маалыматында, былтыркы сегиз айда Коргоо министрлигинин аскер госпиталына жалпысынан 783 адам кайрылса, анын 114ү катардагы жоокерлер. Январь-июль айларында 8 аскер кызматкери жараат алган.(КЕ)