Эдил Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды

Эдил Байсалов.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Эдил Байсалов мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына 9-апрелде жарыяланды.

Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан кетип жатканын өзү бүгүн 9-апрелде Салижан Жигитовдун 90 жылдыгына арналган симпозиумда сүйлөп жатып билдирген.

Буга чейин Байсалов Кыргызстандын АКШдагы элчилик кызматына дайындалары тууралуу маалымат тараган.

48 жаштагы Эдил Байсалов соңку 25 жылдан бери активдүү саясатчылардын бири. Ал саясатка укук коргоочу катары келип, соңку жылдары Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болгон, 2021-жылдан бери вице-премьерлик кызматты ээлеп келди.

Вице-премьерлик кызматта турганда Байсалов өкмөттүн позициясын активдүү коргоп келди. Анын дарегине парламенттин айрым депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү сын айткан учурлар болду. (ZKo)

Дагы караңыз

"Кумтөр Голд Компани" былтыр 1,434 млрд доллар киреше тапканын жарыяладыАлайда ок жеген жоокерден министр кабар алды, абалы өтө оор деп бааланууда"Бир күндө 250дөй өлүм". Израилдин Ливанга чабуулу, Ирандын келишим боюнча эскертүүсүОрус армиясы Запорожье жана Днепропетровск облустарына сокку урду"Жарым айлык запас калды". Күйүүчү май кымбатташы мүмкүн