Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:48

"Жарым айлык запас калды". Күйүүчү май кымбатташы мүмкүн

Нефтетрейдерлер ассоциациясы Жакынкы Чыгышта абал курчуса, өлкөдө күйүүчү май баасы кескин кымбатташы мүмкүн экенин эскертти. Кыргызстан күйүүчү май сатып алган Орусиянын өзүндө мунай баасы акыркы 13 жылдагы эң жогорку деңгээлге жетти.

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал дүйнөлүк экономикага түздөн-түз таасир этип, Кыргызстан андан четте калган жок. Импорттук күйүүчү майга көз каранды өлкөдө күйүүчү май баасы кескин жогорулашы ыктымал.

Учурда дизелдик отундун баасы бир долларга жетпейт, жакын арада бир литринин баасы 1 доллар 18 центке чыгышы мүмкүн. Рынок өкүлдөрү бийликтен күйүүчү майга салыктарды жана акциздерди убактылуу алып салууну суранууда.

"Энергетика министрлигинин алдында түзүлгөн штабдын алкагында биз бул маселени карап чыктык. Талкууга бизнес-ассоциациялар, анын ичинде Нефтетрейдерлер ассоциациясы катышууда. Кыска мөөнөттүү чаралардын планын, негизинен салыктык жүктү азайтууну сунуштадык", - деди Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов.

Нефтетрейдерлер бул чара кабыл алынса, баалардын кескин өсүшүн алдын алууга жардам берет деп үмүттөнүшөт.

Дээрлик күйүүчү майдын бардык түрү кымбатташы мүмкүн, бирок негизги көңүл социалдык маанилүү товарлардын тизмесине кирген дизелге жана АИ-92 бензинине бурулууда. Эшатовдун айтымында, учурда нефтетрейдерлерде мурдагы баа менен алынган майдын кору бар жана ал болжол менен бир жарым айга жетет.

"Биздин компаниялар бааны мүмкүн болушунча туруктуу кармоого аракет кылат, анткени бизде бир жарым айлык запас бар. Алар күйүүчү майларды аралаштырып, орточо баа чыгарышат. Ошондуктан бизде кескин секирик жок. Мисалы, коңшу Өзбекстан жана Тажикстанда баа тездик менен көтөрүлүп жатат. Азыр Тажикстанда баа биздикинен 20 сомго кымбат, ал эми Өзбекстанда 10–12 сомго жогору", - деди Эшатов.

Кыргызстан күйүүчү майды Орусиядан өкмөттөр аралык келишимдин негизинде, экспорттук төлөмсүз сатып алат. Бирок өлкө ичинде мунай өнүмдөрү жергиликтүү салыктар жана акциздер менен жүктөлөт. Бул төлөмдөр акыркы баанын болжол менен 25% түзөт.

"Салыктык жүктү азайтуу убактылуу чара экенин эске алуу керек. Мисалы, Казакстанда баага мораторий алынгандан кийин, бир аз өсүш байкалды. Мындан тышкары, акциздер бюджеттин кирешесинин маанилүү бөлүгүн түзөт. Ошондуктан бул маселени кылдат эсептөө зарыл", - дейт экономист Айдай Дүйшеналиева.

Буга чейин Жакынкы Чыгыштагы абал турукташып, дүйнөлүк мунай жана газ жеткирүүлөрдүн 20 пайызы өткөн Ормуз кысыгы ачылса, анда мунай баасы төмөндөрү айтылган. Нефтетрейдерлер бул абал Кыргызстандагы күйүүчү май базарына оң таасир этип, баа төмөндөшү мүмкүн деп күтүшүүдө.

Орусиянын өзүндө абал кандай?

Кыргызстан алган Орусиянын мунайынын баасы акыркы 13 жылдагы эң жогорку деңгээлге жетти.

Соңку айларда Украина Кара деңиздеги жана Балтикадагы орусиялык портторго, мунай иштетүүчү заводдорго сокку уруп жатат. Украин деңиз дрондору жана европалык жээк күзөт күчтөрү "көлөкө флоттун" танкерлерине каршы "аңчылык" кылууда. Мунун баары март айында Перс булуңда согуш тутанганда мунайдын баасынын көтөрүлүшү менен орусиялык компаниялар тапкан пайданы жокко чыгарды.

6-апрелге караган түнү украин дрондорунун чабуулунан Новороссийск портундагы Орусиянын түштүгүндөгү эң ири мунай куюучу терминал өрттөндү. Ал "Транснефть" системасына кирет. Кубаттуулугу танкерлерге күнүнө болжол менен 1 миллион баррель мунай жүктөөгө мүмкүндүк берет. Бул Орусиянын деңиз аркылуу экспорттолгон мунайынын бештен бир бөлүгүнө барабар. Бир күндөн кийин Усть-Луга портуна дагы сокку урулду. Бул жерде бир күн мурда эле дрон чабуулдарынан улам токтоп калган мунай жана мунай өнүмдөрүн жүктөө иштери жарым-жартылай жанданган болчу.

Усть-Лугадагы күйүүчү май терминалы украин соккусунан кийин.
Усть-Лугадагы күйүүчү май терминалы украин соккусунан кийин.

Марттын экинчи жарымынан бери Орусиянын мунай иштетүүчү жана транспорттук инфраструктурасына олуттуу соккулар урулду. 26-марттагы чабуулдан кийин Орусиянын европалык бөлүгүндөгү эң ири мунай иштетүүчү заводдордун бири - "Сургутнефтегазга" таандык "Киришинефтеоргсинтез" бир айга ишин токтотту. Заводдун кубаттуулугу жылына 20 миллион тоннадан ашат.

2-апрелде украин дрондору Уфа шаарындагы "Башнефть-Новойл" мунай иштетүүчү заводуна сокку урду. Бул ишкана "Роснефть" компаниясынын түзүмүнө кирет жана битумдан баштап мотор майларына чейин, жогорку сапаттуу бензинден авиациялык жана ракеталык отунга чейин ар түрдүү мунай өнүмдөрүн чыгарат. Заводдун кубаттуулугу жылына 7 миллион тоннадан ашык мунай иштетүүгө эсептелген.

Айрыкча Балтика деңизиндеги Приморск жана Усть-Луга портторуна оор соккулар урулду. Бул эки ири экспорттук хабдын ишинин токтошу Орусия сыртка жиберген мунай жана мунай өнүмдөрүн көлөмүн кескин кыскартты. Ар кандай баалоолор боюнча, төмөндөө 43 пайыздан 60% чейин жеткен.

Кара деңизде да абал жакшы эмес. Биринчиден, Новороссийск портунда калыбына келтирүү иштери аягына чыга элек. Порттук инфраструктура толук кубаттуулукта иштебей турат.

Экинчиден, украин деңиз дрондору мезгил-мезгили менен орусиялык мунай ташыган танкерлерди чөктүрүп жатат. Бул өз кезегинде мунай ташый турган кеме компанияларынын санын азайтып, фрахт менен камсыздандыруунун баасын көкөлөттү.

2026-жылдын 20-мартында Орусиянын "көлөкө флотуна" кирет деп болжолдонгон танкер кармалган.
2026-жылдын 20-мартында Орусиянын "көлөкө флотуна" кирет деп болжолдонгон танкер кармалган.

Акырында, орусиялык мунай жана мунай өнүмдөрүн экспорттоого европалык жээк күзөт кызматтары да тоскоолдук жаратууда. Акыркы жумаларда "көлөкө флоттун" танкерлери кармалган учурлар көбөйдү.

Учурда орусиялык компаниялар үчүн салыштырмалуу коопсуз бир гана экспорт багыты калды - ал Кытай. Бирок бардык экспортту ага буруу мүмкүн эмес, анткени транспорттук инфраструктура мынчалык көлөмдү көтөрө албайт.

"Роснефть" компаниясынын башчысы Игорь Сечин 2025-жыл үчүн жылдык отчетту комментарийлеп жатып (акционерлерге тиешелүү пайда 73 пайызга төмөндөдү, ал эми компаниянын эркин акча агымы 45,9 пайызга кыскарды) мындай деп жазды:

"Орусиялык энерго ресурстардын негизги сатып алуучуларына карата системалуу басым танкердик флотко каршы санкциялар жана кемелерди камсыздандыруудан жапырт баш тартуу аркылуу ишке ашууда. Бул камсыздандыруу төлөмдөрүнүн ондогон эсе өсүшүнө алып келди. Абалды кемелерди кармоо же түздөн-түз күч колдонуп басып алуу коркунучунун жогорулашы дагы татаалдаштырды. 2026-жылдын март айында Балтика деңизинен Индияга орусиялык мунайды ташуу үчүн фрахттык тарифтер баррелине 20 доллардан ашты. Бул 2022-жылдын башына салыштырмалуу логистикалык чыгымдардын он эсе өсүшүн билдирет. Ал кезде мунайды салттуу европалык рынокторго жеткирүү болжол менен баррелине 2 доллар турган".

Жагдайга карай турган болсок, Орусиядан мунай жана мунай өнүмдөрүн экспорттоо татаалдашкан шартта ички керектөөчүлөр үчүн күйүүчү майдын баасы төмөндөшү керек эле. Бирок баары тескерисинче болууда. Февралдын аягынан марттын соңуна чейин өлкөдө мунай өнүмдөрүнүн дүң баасы 12% көтөрүлдү.

Буга мунайчылардын ачкөздүгү себеп эмес. Азыр соккуга кабылбаган заводдор да өндүрүштү кыскартууга аргасыз. Себеби, мунайды кайра иштетүүдө бензин жана дизелден тышкары, ар бир тоннадан ири көлөмдө мазут да чыгат. Мазут өлкө ичинде мынчалык көлөмдө керектелбегени үчүн адатта экспортко жөнөтүлчү.

Соккуларга байланыштуу экспорттук порттор жүк ташууну токтоткон. Натыйжада мунай иштетүүчү заводдор ашыкча мазутту кайда жумшоону билбей, кайра иштетүүнү кыскартууга мажбур болууда. Орус өкмөтү мындан улам бензинди экспорттоого тыюу салууга аргасыз. Азыркы тыюу 1-апрелден 31-июлга чейин күчүндө болот. "Коммерсантъ" басылмасынын баамында, бул чара ички рынокко күнүнө кошумча 6–7 миң тонна күйүүчү май бериши мүмкүн. Бирок бул чектөөлөрдүн натыйжасы дрон чабуулдарынан улам заводдордун өндүрүшү азайып, ашыкча өнүмдү экспорттоо мүмкүн эместиги менен дээрлик жокко чыгууда. Ошондуктан украин дрондорунун ар бир жаңы соккусу айдап-себүү себүү мезгилинде Орусияда күйүүчү май кризисин жаратышы мүмкүн деген чочулоо жаратты.

"Азаттык-Азия" жана "Свободанын" макалалары кыргызча которулду.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG