Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:09

Иранда абадан сокку токтоп, Ормуз кысыгынан кемелер өтө баштады

Ормуз кысыгына жакын Перс булуңундагы жүк ташуучу кемелер. Архив сүрөт.
Ормуз кысыгына жакын Перс булуңундагы жүк ташуучу кемелер. Архив сүрөт.

Эки тарап тең өз жеңиши катары жарыялаган мунаса

АКШ менен Иран ортосунда атышууну убактылуу токтотуу тууралуу жетишилген келишим күчүнө киргенден бир нече саат өткөндөн кийин аймактагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу боло баштады.

Бир айдан ашык убакыттан бери уланып келген катуу аба соккулары алгач ирет токтоп, кемелер Ормуз кысыгы аркылуу кайрадан өтө башташты.

8-апрелде дүйнө лидерлери, ошондой эле каржы жана энергетика рыноктору эки тараптын соңку кадамын кубатташты. Алар бул аракеттер согушту туруктуу токтотуу үчүн дипломатиялык чечимге алып келет деген үмүттө турушат.

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Будапешт шаарындагы иш-чарада сүйлөп жатып Кошмо Штаттардын лидери Дональд Трамп баарына жакшы ниет менен иштеп, макулдашууга жеткиле деген тапшырма бергенин билдирди.

“Ал шашып жатат. Ал прогресс болушун каалайт. Ал бизге жакшы ниет менен сүйлөшүү жүргүзүүнү тапшырды. Эгер алар да жакшы ниет менен сүйлөшсө биз келишимге келе алабыз деп ойлойм. Бирок бул чоң суроо бойдон калууда. Акырында баары Иран тараптын аракеттеринен көз каранды. Алар туура чечим кабыл алат деп үмүттөнөм”,-деди Вэнс.

7-апрелдин кечинде Вашингтон менен Тегеран Пакистан ортомчулук кылган эки жумалык жарашууга макул болушту.

Бул кадам тараптарга тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн чыңалууну убактылуу азайтууга багытталган.

“АКШ Иран менен тыгыз иштешет. Биз ал жакта өтө жемиштүү боло турган бийлик алмашуу жүрүп жатат деп эсептейбиз!”,- деп жазды АКШнын президенти Дональд Трамп 8-апрелде социалдык тармакка.

10-апрелде түз сүйлөшүүлөр Исламабад шаарында өтүшү мүмкүн.

7-апрелде эртең менен “эгер Иран келишимге келбесе бүтүндөй цивилизация бүгүн түндө жок болушу мүмкүн” деп жазган Трамп кийинчерээк Тегерандан 10 жободон турган сунушун алганын жана аны “сүйлөшүүгө ылайыктуу негиз” деп эсептей турганын билдирди.

АКШ менен Иран эки жумага согуш аракеттерин токтотуу боюнча келишимге жетишкенден кийин ирандыктар арасында бир жагынан жеңилдөө, экинчи жагынан кооптонуу сезими байкалууда.

Бир айдан ашык убакытка созулган соккулардан кийин айрымдар алдыда оор күндөр күтүп жатканын айтышат. Ошол эле учурда алар өз өкмөтүнөн негизги укуктарды калыбына келтирүүнү жана саясий туткундарды бошотууну талап кылууда.

“Жарашуу болгонуна кубанычтамын, бирок туруктуу тынчтык орногончо тынч албайм. Алдыда оор күндөр күтүп турганын билем. Көптөгөн инфраструктура талкаланды, бийлик дагы катуураак чараларга барышы мүмкүн. Бирок биз биригип, согушту каалагандардан алыс болушубуз керек”, - деди "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун иран кызматына жөнөткөн билдирүүсүндө Тегерандын тургуну.

Трамп Иран сунуштаган план тууралуу кеңири маалымат берген жок. Бирок ал келишимдин негизги шарты Тегеран Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин эркин өтүшүнө уруксат бериши экенин айтты. Бул кысык дүйнөлүк базардагы мунай менен газдын болжол менен 20 пайызы өтчү эң маанилүү деңиз жолу.

Деңиз кыймылын көзөмөлдөгөн MarineTraffic платформасынын маалыматына ылайык, түшкө чейин эле эки кеме бул жолдон өтүп кетти.

“Жарашуу жарыялангандан кийин Ормуз кысыгында кемелердин кыймылы кайра жандана баштаганы байкалууда. Бул стратегиялык кысык сүйлөшүүлөр жүрүшү үчүн убактылуу ачылды”, - деп жазды аталган платформа X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.

Ошондой эле билдирүүдө гректерге таандык жүк ташуучу кеме жана Либериянын желеги алдында сүзгөн дагы бир кеме кысыктан өткөнү айтылды.

Израил болсо Трамптын Иранга каршы соккуларды эки жумага токтотуу чечимин колдой турганын билдирди. Бирок бул Ормуз кысыгынын дароо ачылышы жана АКШга, Израилге жана аймактагы башка өлкөлөргө каршы чабуулдардын токтотулушу шартында гана мүмкүн экенин белгиледи.

Атышууну эки жумага токтотуу келишимин майрамдап көчөгө чыккан тегерандыктар. 8-апрель, 2026-жыл.
Атышууну эки жумага токтотуу келишимин майрамдап көчөгө чыккан тегерандыктар. 8-апрель, 2026-жыл.

Ошол эле учурда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси тараткан билдирүүдө жарашуу Ливанды камтыбай турганы айтылды. Бул болсо Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин мурдагы билдирүүсүнө карама-каршы келди.

Ливандын мамлекеттик NNA маалымат агенттиги өлкөнүн түштүгүндө Израилдин жаңы соккулары болгонун кабарлады. Алардын ичинде артиллериялык аткылоолор жана таңга маал ооруканага жакын жайгашкан имаратка абадан жасалган сокку бар. Бул чабуулдан төрт адам каза тапты.

Мындан тышкары Израилдин армиясы Ливандын түштүгүндөгү Тир шаарынын тургундарына калаага сокку урула турганы тууралуу бир нече жолу шашылыш эскертүү таратты.

Ошол эле учурда Кувейт жана Бириккен Араб Эмираттары өз аймактарына жаңы чабуулдар жасалганын билдиришти.

Абдан туруксуз абал

Америкадагы Жөөт комитетинин Жаңы Жакынкы Чыгыш борборунун вице-президенти Энн Дрейзен "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде бул тыныгуу “тактикалык чыңалууну азайтууга” багытталганын, бирок деңиз аркылуу өтүү шарттары өтө эле туруксуз бойдон калып жатканын айтты.

Анын белгилешинче, кемелердин өтүүсү дагы деле Ирандын аскер күчтөрү аркылуу координацияланып жаткандыктан бул келишим “эркин эл аралык навигацияга кайтуу” эмес, тескерисинче, “көзөмөлдөнгөн жана шарттуу кирүү режими” болуп саналат.

“Иш жүзүндө Иран бул кысыкты кысым көрсөтүү куралы катары колдонуп, деңиз кыймылын жөнгө салуу, чектөө же саясий куралга айлантуу мүмкүнчүлүгүн сактап калууда,” — деди ал.

Дрейзен кошумчалагандай, эми жоопкерчилик Тегеранга жүктөлөт — ал күч колдонуу жана тоскоолдук жаратуу саясатынан баш тартып, чыныгы сүйлөшүүгө жана чыңалууну азайтууга даяр экенин далилдеши керек.

Эки апталык элдешүү тууралуу билдирүү Дональд Трамптын АКШ Ирандын электр станцияларын жана көпүрөлөрүн бутага алышы мүмкүн деген эскертүүсүнөн кийин жарыяланды.

АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

Дональд Трамптын администрациясынын жогорку даражалуу өкүлдөрү бул келишимди “жеңиш” деп аташты.

Ал эми “Өзөктүк Иранга каршы бирикме” уюмунун саясат боюнча директору Жейсон Бродски бул макулдашууну “убакыт өткөрүү үчүн тактикалык тыныгуу” деп баалады. Анын айтымында, АКШ Иран бул келишимди сактайбы же жокпу, ошону байкап көрүүнү көздөп жатат.

“Менимче, президент Трамп чыңалууну кайра күчөтүү мүмкүнчүлүгүн сактап турат. Чабуул пландары даяр. Аскердик коркунуч дагы деле бар. Иран тараптан Ормуз кысыгы боюнча коркунуч бар. Ошондуктан бул келишим бузулса эки тарап тең мурдагы турумуна кайтып барышы мүмкүн”, - деди Бродски.

Бул акыркы мүнөттөгү чечим дүйнө жүзүндө тынчсыздануу күчөгөн маалда кабыл алынды. Буга Дональд Трамптын Ирандын дарегине “цивилизациясын жок кылуу” тууралуу айткан билдирүүсү себеп болгон.

АКШдан чыккан Рим папасы Лео мындай риториканы “такыр кабыл алынгыс” деп атады. Ошондой эле башка лидерлер жарандык инфраструктурага сокку уруудан алыс болууга чакырышты.

Согуш 28-февралда, АКШ менен Израилдин Иранга абадан жасаган соккуларынан кийин башталган. Ошондон бери тараптар компромисске даяр экенин көрсөткөн белгилер дээрлик байкалган эмес. Вашингтон менен Тегерандын сунуштарынын ортосунда олуттуу дал келүү да болгон эмес.

“Эгер бул жарашуу сакталса, ал келечектеги кагылышууларды токтотууга кеңири мүмкүнчүлүк болуп калышы мүмкүн",-дейт Трамптын биринчи президенттик мөөнөтүндөгү администрациясында басма сөз катчынын орун басары болуп иштеген, Polaris National Security уюмунун жетекчиси Кейл Браун.

АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитетинин жетекчи мүчөсү Жин Шахин болсо Иран менен согуш аракеттерин токтотууга багытталган убактылуу жарашууну колдой турганын билдирди. Бирок ал согуштун аякташына байланыштуу кооптонуулар дагы эле бар экенин белгиледи.

Шахин согуштун кесепетинен газдын баасы кескин өсүп, дүйнөлүк экономикага “чоң зыян” келтирилгенин, ошондой эле 13 америкалык аскер кызматкери каза тапканын айтты.

“Дипломатия алдыга жылуунун жалгыз жолу. Эми союздаштарыбыз менен бирге бул жаңжалды токтотуу жана Ирандын өзөктүк курал иштеп чыгуусуна жол бербөө үчүн активдүү дипломатиялык аракеттер жүргүзүлүшү керек”, - деди ал 7-апрелдин кечинде жасаган билдирүүсүндө.

АКШ менен Израил Иранга абадан сокку ура баштаган 28-февралдан бери Ирандын жогорку лидери Али Хаменеиден тартып өлкөнүн бир катар жетекчилери, генералдар жок кылынды.

Укук коргоо уюмдарынын маалыматына караганда 1600дөй адам набыт болду.

Бул санды көз карандысыз башка булактардан ырастоо азырынча мүмкүн эмес.

АКШ менен Израилдин чабуулдарына жооп катары Тегеран жакынкы Перс булуңундагы мамлекеттерде жайгашкан америкалык базаларга жана башка объектилерге дрон жана ракета менен сокку уруп жатты.

Бир катар мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы атышууну токтотуу боюнча макулдашуу жетишилгенин кубатташты.

Шерине

XS
SM
MD
LG