Өзбекстанда каракалпак активисти Тажимуратовго өкүм чыгаруу кийинкиге калды

Даулетмурат Тажимуратов сотто. Нукус, 5-июль 2023-жыл

Өзбекстандын Навои облусунда каракалпакстандык активисттердин лидери Даулетмурат Тажимуратовдун соту болду. Ал «жаза өтөө мекемесинин ишин үзгүлтүккө учуратууга» айыпталып жатканын бир тууганы Ренат Тажимуратов «Азаттык Азияга» айтып берди.

Маалыматка ылайык, 10 саат жол жүргөндөн кийин аны сотко кое беришкен эмес, инисинин мамлекет дайындаган адвокаты процесске араң кирген. Өкүм чыгаруу башка күнгө калды. Бирока так датасы айтылган жок.

Ренат Тажимуратов бир тууганынын соту тууралуу үй-бүлөсүн кабардар кылышпаганын, алар отурум болорун бир жума мурун адвокатынан билишкенин айтты.

Быйыл февралда 2022-жылы Каракалпакстандагы нааразылык окуялары боюнча 16 жылга соттолгон активист Даулетмурат Тажимуратовго кошумча айып тагылышы мүмкүн деп кабарланган.

Ага «мекеменин ишин бузду» деген айып коюлган. Туугандары менен жактоочулардын айтымында, бул окуяны абак кызматкерлери атайын уюштурушу ыктымал.

Ренат Тажимуратов ошондо абакка барып, инисин көрө албай кайтып келген. Анын айтымында, тергөөчү Даулетмуратка жаңы айып тагылганын билдирген.

«Даулетмурат адвокаты менен жолуккан. Жакында ал түрмө кызматкерлеринин бирин уруп жиберген экен. Адвокат “эмне үчүн урдуңуз?” деп сураганда адатта колонияда камактагылар башын ылдый салып жүрүшү керектиги айтылган. Инимдин айтымында, кызматкер андан да башын ылдый кылып жүрүүнү талап кылган. Ал баш тарткан. Акыры экөө кайым айтыша кетип, иним чыдабай уруп жиберген. Кызматкер ооруканага түшкөн. Даулетмурат өзү да сабалган», - деди Ренат Тажимуратов.

Анын пикиринде, бул окуя жаңы кылмыш ишин козгоо үчүн атайын уюштурулган болушу мүмкүн. Бул айып боюнча активист беш жылдан 10 жылга чейин кошумча жаза алышы ыктымал.

Каракалпак тилиндеги «Эл кызматында» гезитинин мурдагы башкы редактору Даулетмурат Тажимуратов 2022-жылдын июлунда Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөргө каршы чыккан Каракалпакстандагы нааразылык кыймылынын лидерлеринин бири болгон.

2023-жылдын январында Өзбекстан соту аны «конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылуу», «жапырт башаламандык уюштуруу» жана «бийликти басып алуу максатында сөз байлашуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 16 жылга эркинен ажыраткан.

Түрмөдө кыйноого кабылганы тууралуу анын билдирүүлөрүн, ошондой эле эл аралык укук коргоо уюмдарынын аны дароо бошотуу чакырыктарын Өзбекстандын бийлиги көңүл сыртында калтырган.

Дагы караңыз

Мунасадан кийинки, сүйлөшүү алдындагы айыптоолор жана эскертүүлөрКыргыз саясатын кызыткан каттын "изи"Исламабадда АКШ-Иран сүйлөшүүлөрү учурунда эки күндүк эс алуу жарыяланды