Соңку билдирүүсүндө Абдыкеримов Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун атын атап, ишкананы рейдердик басып алуунун башталышына жол ачкан жолугушуу тууралуу айтты. Сабиров бул маалыматты дароо четке каккан эле. Бирок Абдыкеримов кайрадан жаңы пост жарыялады.
"Сен жаңы эле 10 миллион долларлык чай ичип чыктың..."
Ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун Лондондон социалдык тармактарда жазган билдирүүсү кайрадан атайын кызматтын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев жөнүндө болду. “Камчы Ташиевдин иш бөлмөсүндөгү бир чыны чай канча турат?” деген эскерүүсүндө ал 2023-жылы июлда болгон деген окуяны жазды.
Бул жолу 9-апрелде жарыяланган постто Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшан Сабировдун ысымы айтылды.
Шаршенбек Абдыкеримов ал маалда “АЮ” ишканасынын башкы директору Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакырылып, мындан улам өзүнүн каржы боюнча өкүлү Нурлан Абдыраев Ташиевге жолукканын жазды:
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"10 млн долларлык чай ичтиң". Абдыкеримовдун айтканын Сабиров четке какты
“Аны кире бериштен түз эле Камчы Ташиевдин кабинетине алып барышты. Бөлмөдө Камчы Ташиев менен Равшан Сабиров чай ичип олтурушкан экен. Нурлан кошулуптур. Сүйлөшүү анын сунушу менен башталды: кетирилген мыйзам бузуулар үчүн "АЮ" компаниясы 20 миллион доллар төлөөгө даяр. Бирок Камчы Ташиев анын сөзүн бөлдү! 30 миллион доллар төлөйсүңөр. Бир чыны чайдан кийин Нурлан макул болуптур. УКМКнын имаратынан чыккандан кийин мага абдан сүйүнүп телефон чалды: “Баары жакшы, чай ичтик, келиштик. 30 миллион доллар төлөй турган болдук". Мен нес болуп калдым. Сен эмне кылдың? Сен азыр эле кошумча 10 миллион долларлык чай ичип чыктың...”
Абдыкеримов Ташиев 30 миллион долларды төгүүгө 30 күн убак бергенин, бир айдан соң “АЮнун” жетекчисинен баштап катардагы кызматкерлерге чейин кармала баштаганын улап жазды.
Бирок Равшанбек Сабиров өзү бул жолугушууга катышканы тууралуу маалыматты 10-апрелде "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып четке какты:
Равшанбек Сабиров
“Шаршенбек Абдыкеримовду жакындан тааныбайм, сыртынан эле билем. Эч качан жолугуп чай ичкен эмесмин. Нурлан дегенин да билбейм. Муну каяктан алып жазып жатышат? Мындай жолугушууларга катышкан эмесмин”.
Эртеси күнү, "Азаттыктын" макаласы жарыяланган соң Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасына кайрадан пост жазып, Сабировдун жообуна комментарий берди. Ташиев менен жолугушууну Сабиров уюштурганын жазды:
"Айтканыңыздын бир жери туура - биз чогуу чай ичкен эмеспиз! Бирок мени тааныбайм дегениңиз туура эмес! Биз Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында чогуу депутат болгонбуз. Кайсы жолугушуу тууралуу сөз болуп жатканын сиз жакшы билесиз. Ал жолугушууну дал сиз уюштурган болчусуз. Нурлан Абдыраевди УКМК имаратына сиздин жардамчыңыз чакырган. Ошол учурда «АЮнун» башкы директору Тыныбек Исаев ИИМдин тергөөчүсүндө суракта отурган. Нурлан Абдыраев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин иш бөлмөсүнө киргенде сиз ошол жерде болчусуз. Жанында отургансыз. Чай ичип отургансыңар. Ооба, сиз унчуккан эмессиз. Сиз эч нерсе деген эмессиз. Силер жөн гана чай ичип отургансыңар. Бирок ошол бир чыны чайдын баасы биз үчүн 10 миллион долларга айланган. Сумма 20 миллиондон 30 миллионго чыккан — мыйзамсыз, соттун чечимисиз, үстөл үстүндө, иш бөлмөдө, чай үстүндө".
Абдыкеримов дал ошондон кийин "ачыктан ачык рейдердик талкалоо" башталып, 2023-жылдан 2026-жылдын январына чейин уланганын белгиледи.
Ишкердин бул билдирүүсүнө Равшанбек Сабиров үн ката элек.
2000-жылдары түптөлгөн “АЮ” холдингинин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов ири бизнеси кантип урап калганы тууралуу жана саясий эскерүүлөрүн социалдык тармактарга өткөн айдын ортосунан тартып утур-утур жаза баштаган.
“АЮнун” урап жок болушуна ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди айыптаган.
Дагы караңыз
"Томми Молл": Абдыкеримовдун айткандары текшериле баштадыСоңку билдирүүсүндө кызынын ысымы берилген Бишкектеги “Томми Молл” соода борбору мамлекетке алынбай эле Ташиевге тиешелүү кишилерге катталганын айтып даттанган. Соода борборунун азыркы кожоюндары жана Ташиевдер бул маалыматты төгүндөгөн.
"Муну Абдыкеримов дагы, жана башка бардык ошол сыяктуу мүлкү мамлекетке кайтарылган ишкерлер, адамдар, коомчулук баары так билиши керек. Эгер шек саноо же ишенбөөчүлүк болсо тийиштүү комиссия түзүп, бардык кайтарылган мүлк боюнча дыкат текшерип чыгышса болот. Андай текшерүү - бүгүн абдан караланып, куру дооматтар айтылып жаткан биздин үй-бүлөбүз үчүн да чоң мааниге ээ", - деп Фейсбукка Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев жазган.
Жакындары “Шаки” деп атаган ишкер жазган дооматтар боюнча мамлекеттик мекемелер кандайдыр бир чара көрүлгөнүн билдире элек. Буга чейин президенттин администрациясы анын билдирүүлөрү териштирилерин убада кылган.
“Ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун Facebook социалдык тармагындагы ачык кайрылуусу тууралуу президенттин администрациясы кабардар. Азыркы учурда кайрылууда айтылган жагдайлар боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө”, - деди президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов.
Абдыкеримовдун жазгандары Камчыбек Ташиевдин иштен алынып, анын жана кол алдындагы кызматкерлерине карата бизнес өкүлдөрүнөн доомат арткандар арбыган учурга туш келди. Мындан улам көтөрүлгөн маселелер боюнча бийлик жапырт териштирүү жүргүзүшү зарыл дегендер бар.
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Абдыкеримов Кыргызстанга келип, өзү да териштириши керек деп эсептейт:
Махабат Мавлянова
"Мыйзамсыз иштери жок болсо, аны коргоп, мыйзамдуу түрдө өзүн акташы керек. Ишкерлердин баарын ак деп айта албайм. Ким мыйзамсыз иш жасаса, ошого жараша жазаланат. Эгерде мыйзамдуу болсо, келип сот менен далилдеши керек. Ишкерлер, ошол эле Абдыкеримов болсун, мыйзам бузган учурда аларга кылганына жараша жаза берилиши керек. Салыктан качкан болсо, ошого жараша эле чара колдонушу шарт. Эмесе мыйзам бузду деп бүт мүлкүн камакка алып коюп жатышпадыбы".
Атайын кызмат 2025-жылы “АЮнун” негиздөөчүсү Абдыкеримовго таандык делген 10 миллиард сомдон ашык баадагы бир катар ири соода, оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекетке алынганын кабарлаган. УКМК “АЮ” узак убакыт бою салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качып, мүлкүнүн бир бөлүгүн өзүнө байланыштуу башка жактарга каттатып, мыйзамсыз кирешени адалдоо үчүн мамлекеттик органдарга жасалма финансылык отчетторду тапшырып турганы аныкталганын билдирген.
2024-жылы “АЮ” холдингине байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча ишкананын директору Тыныбек Исаев баш болгон беш кызматкери жазага тартылган. Ал эми негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовго издөө жарыяган.
Тартып алынган мүлк сол чөнтөктөргө солонуп кеткенби?
Элге жарыя кылып, сотсуз тартылып алынган мүлктөрдүн бир бөлүгү мамлекеттик казынага түшпөй, УКМК жетекчилеринин сол чөнтөгүнө солонуп кеткени кийин ачыкталып отурат.
18-мартта Башкы прокуратура УКМКнын айрым кызматкерлери менен алардын чөйрөсүндөгү адамдар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан алынган акча каражаттары менен мүлктөрдү мамлекетке өткөрбөй эле өздөрүнө ыйгарып алышканын кабарлады.
Аныкталган фактылар боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Президент Садыр Жапаров 11-мартта Жогорку Кеңешке барганда ишкерлерден мыйзамсыз тартып алынган мүлктөр аныкталса кайтарылып берилерин айтты. Ошондой эле мамлекетке алынган мүлктөрдүн тизмеси ревизия жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен ачык жарыяланарын убада кылды.
Садыр Жапаров
“Мен бардыгына айттым. Прокуратурага, ИИМге, УКМКнын жетекчилерине арыз түшсө алгыла дагы, калыс текшергиле, калыс текшерип туруп, адилет чечим чыгаргыла дедим. Сиз айтып аткан жарымын өздөрүнө алып, жарымын мамлекетке өткөргөн деп аткан боюнча дагы айттым. Аны да иликтеп көргүлө дагы, ким жарымын чөнтөгүнө алып алган болсо, аны кайра кайтартып мамлекетке бергиле деп. Ким эгерде алып алып, бирөөнүн атына жамынып алып, акчаларын алабы, үйүн алабы, мүлкүн алабы, бизнесин тартып алабы – кайра кайтартып берип койгула деп, азыр ошонун үстүндө иштеп атат. Ал эми мамлекетке өткөн мүлктөр боюнча, мунун бардыгын ревизия кылып бүткөндөн кийин анан чыгарабыз. Ушул жылдын аягына барып бүтөт го. Анткени ал жакта мамлекетке кайра кайтарылган жерлер бар, бала бакчалар бар, мекеме-заводдор бар. Ал акчалай эле өткөн эмес. Ошон үчүн алардын баарын ревизия кылып туруп, анан так суммасын айтабыз”.
Ташиевдин ордуна келген төрага Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын ичинде тазалоо жүрүп жатканын, 7 кызматкер атайын кызмат системасынан кетирилгенин, 83ү иштен алынганын жана 13ү тартип жазасына тартылганын билдирген.
Ишкерлер коомчулугу менен жолугушканда ал мындан ары негизсиз кийлигишүү токтой турганын убада кылды.
Жумгалбек Шабданбеков
“Акниет бизнес эркин жана ишенимдүү иштеши керек. Укук коргоо органдарынын негизги милдети – тоскоолдук жаратуу эмес, экономиканы коргоо. Андыктан биз силердин ишиңерге негизсиз кийлигишүү ниетибиз жок. Тескерисинче, силерге кандайдыр бир басым болсо, коргоого даярбыз. Жалгыз талабыбыз – ишиңерди ачык жана акниет жүргүзгүлө”, - деди Шабданбеков.
Февраль айында Садыр Жапаров антикоррупциялык чаралардын натыйжасында мамлекеттик жана муниципалдык органдарга 959 объект өткөрүлүп берилгенин, жергиликтүү бийлик органдарына 3 300 гектар айыл чарба жери кайтарылганын билдирген.
Былтыр сентябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги мамлекетке алынган мүлктөрдүн 61и кайра сатылганын, андан казынага 9,7 млрд сом түшкөнүн кабарлаган.